Эмгек министрлиги майыптыктын медициналык моделинен социалдык моделге өтүп жатат
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги медициналык-социалдык экспертизаны реформалоо боюнча радикалдуу иштерди баштады. Министр Гүлнара Баатырованын 2023-жылдын сентябрындагы тапшырмасына ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуунун жаңы механизмдерин өркүндөтүү жана ишке киргизүү маселелери каралууда, деп билдирди Министрликтин басма сөз кызматы. Бүгүнкү күндө “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында күбөлөндүрүүдөн өтүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын […]














