Эмгек министрлиги зомбулуктан жабыркаган аялга колдоо көрсөтүүдө

  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева коомдук кабылдамада кайын атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган 20 жаштагы жаш аял менен жолукту. Үй-бүлө арыз берилген алгачкы күндөрдөн тартып райондук социалдык коргоо кызматынын көзөмөлүндө турат.  Мындан тышкары, Министрлик Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгына кыска мөөнөттүү курстардан окуп, сертификат […]

Далее..... Эмгек министрлиги зомбулуктан жабыркаган аялга колдоо көрсөтүүдө

2025-жылдын 8 айында социалдык контракт программасына 9 миңге жакын арыз берилди

  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2025-жылы жарандар “Социалдык контракт” программасына катышуу үчүн 8899 арыз бергенин билдирет. Ушул жылга 13 333 катышуучуга квота белгиленген. Арыздарды кароонун жыйынтыгында аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр менен 8087 социалдык контракт түзүлдү. Аялдардын активдүү катышуусу өзгөчө көңүл бурууга татыктуу: катышуучулардын жалпы санынан 7126сы – аялдар. Түзүлгөн […]

Далее..... 2025-жылдын 8 айында социалдык контракт программасына 9 миңге жакын арыз берилди

Жогорку Кеңеш Канат Сагынбаевди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна бекитти

  2025-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутаттар Канат Латипжанович Сагынбаевди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындоону бир добуштан бекитишти. Анын талапкерлигин Президент Садыр Жапаровдун сунушун колдоп, 81 депутат эч кандай талкуусуз добуш берди. Депутаттардын алдында сүйлөгөн сөзүндө жаңы министр көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, жүктөлгөн милдеттерди аткарууга бардык күч-аракетин жумшоого даяр […]

Далее..... Жогорку Кеңеш Канат Сагынбаевди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна бекитти

Эмгек министринин м.а. Канат Сагынбаев Жалал-Абад шаарындагы социалдык мекемелерди кыдырды

  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин м.а. Канат Сагынбаев Жалал-Абад шаарындагы бир катар социалдык стационардык мекемелерге барды. Министр социалдык кызматтарды алуучулардын жашоо шарттары, имараттардын абалы жана ага чектеш инфраструктура менен таанышып, ошондой эле камкордук, тамак-аш жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Жалал-Абад шаардык психоневрологиялык мекемесинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн түзүлгөн […]

Далее..... Эмгек министринин м.а. Канат Сагынбаев Жалал-Абад шаарындагы социалдык мекемелерди кыдырды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Эгемендүүлүк күнүнө карата кызматкерлер сыйланды

2025-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Министрликтин жетекчилиги кызматкерлерди куттуктап, алардын социалдык тармактагы үзүрлүү эмгеги жана элге кылган кызматы мамлекет тарабынан жогору бааланарын белгиледи. Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Социалдык коргоо департаментинин кызматкери Ч.А. Абылканова «Батыш Салиева атындагы» медалы менен сыйланды. […]

Далее..... Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Эгемендүүлүк күнүнө карата кызматкерлер сыйланды

Чолпон-Ата шаарында мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча ЖККУнун Координациялык кеңешинин 28-жыйыны болуп өттү

  2025-жылдын 28-августунда Чолпон-Ата шаарында мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 28-жыйыны болуп өттү. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары, Координациялык кеңештин мүчөсү Дарманкул уулу Бакыт ачты. Жыйынга Россиянын, Беларусиянын, Кыргызстандын, Тажикстандын миграциялык органдарынын жетекчилери, ошондой эле ЖККУнун […]

Далее..... Чолпон-Ата шаарында мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча ЖККУнун Координациялык кеңешинин 28-жыйыны болуп өттү

Эмгек министринин м.а. Канат Сагынбаев жарандарды алгачкы жолу кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет, министрдин милдетин аткаруучу Канат Сагынбаев жарандарды алгачкы жолу жеке кабыл алды. Кабыл алууга 5 жаран кайрылды. Алардын көтөргөн маселелеринин катарында майыптыкты дайындоо, турак жай, жер жана мүлк талаштары, ошондой эле стационардык мекеменин жетекчилигинин адилетсиз чечими боюнча даттануулар болду. Ар бир кайрылуу боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди. Айрым […]

Далее..... Эмгек министринин м.а. Канат Сагынбаев жарандарды алгачкы жолу кабыл алды

Ошто социалдык көйгөйлөр жана калктын муктаждыктары талкууланды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Ош облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте калктын аймактагы актуалдуу көйгөйлөрү жана муктаждыктары боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Министрликтин аймактык башкармалыктарынын жетекчилери жана айыл аймактардын социалдык кызматкерлери катышты. Жыйында майыптыгы бар адамдардын, турмуштук оор кырдаалга туш болгон […]

Далее..... Ошто социалдык көйгөйлөр жана калктын муктаждыктары талкууланды

Эмгек министринин милдетин аткаруучу Канат Сагынбаев Нижняя-Серафимовка социалдык стационардык мекемесин жеке өзү текшерди: даттануулар тастыкталган жок

  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу Канат Сагынбаев социалдык тармактарда тараган маалыматтарга жооп кылып, Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлигине караштуу Б. Салиева атындагы улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги Нижняя-Серафимовка социалдык стационардык мекемесиндеги жашоо-шарттарды жеке өзү барып текшерди. Иш сапардын алкагында министр мекеме тургундары менен жолугушуп, […]

Далее..... Эмгек министринин милдетин аткаруучу Канат Сагынбаев Нижняя-Серафимовка социалдык стационардык мекемесин жеке өзү текшерди: даттануулар тастыкталган жок

Бишкекте алгачкы социалдык дүкөн «Евразия» ачылды

  2025-жылдын 26-августунда Бишкек шаарында алгачкы социалдык дүкөн «Евразиянын» салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу К. Сагынбаев, Бишкек шаарынын мэри А. Жунушалиев, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты жана «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюмунун Кеңешинин төрайымы А. И. Аршинова, РФ Мамлекеттик Думасынын төрага орун басары Б. А. […]

Далее..... Бишкекте алгачкы социалдык дүкөн «Евразия» ачылды
Пайдалуу
Ссылкалар