Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө 200 баш саан уй тапшырылды
Бүгүн, 12-апрелде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Ысык-Көл облусунда өткөн жарманкеге жана Тоң жана Жети-Өгүз райондорунунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө Кумтөр Голд ЖАКУ тарабынан 200 баш саан уйлар берилген иш-чарага катышты. Жолугушууда министр КР Президенти С.Н. Жапаровдун жеке демилгеси менен ишке ашып жаткан социалдык контракт долбоорунун негизинде, быйыл да 20 миң үй-бүлөгө […]