Жаштар үчүн шыктандыруучу жолугушуу: Кыргыз Республикасынын эмгек министри космонавт Салижан Шарипов менен жолукту
2025-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр Равшанбек Сабиров Россия Федерациясынын эки жолку Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен жолугушуу өткөрдү. Министр Сабиров Салижан Шариповдун Кыргызстанды эл аралык аренада таанытууга кошкон зор салымына терең ыраазычылык билдирип, анын жетишкендиктери кыргызстандык жаштар үчүн чоң шыктануу экенин белгиледи. — «Сиз — өлкөбүздүн […]














