Эмгек министрлиги менен КУУ иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатында меморандумга кол коюшту
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) эмгек рыногунун талаптарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо жана калктын иш менен камсыз болушуна көмөктөшүү жаатында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Документке Эмгек министри Равшанбек Сабиров жана КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев кол коюшкан. Максаты – кесиптик билим берүү тутумун өнүктүрүүдө […]














