Эмгек министрлиги суроо-талапка ээ болгон кесиптерге кыска мөөнөттүү окутуу боюнча жаңы долбоорду ишке киргизди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова суроо-талапка ээ болгон кесиптерге кыска мөөнөттүү окутуу боюнча жаңы долбоорду ишке киргизди. Бул долбоор Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин колдоосу менен ишке ашат. «Долбоордун максаты аз камсыз болгон жана толук эмес үй-бүлөлөргө, жумушсуз жаштарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кыска мөөнөттө талап кылынган кесиптерге ээ болууга жардам […]

Далее..... Эмгек министрлиги суроо-талапка ээ болгон кесиптерге кыска мөөнөттүү окутуу боюнча жаңы долбоорду ишке киргизди

Министр Гүлнара Баатырова Жайыл жатак-үйүн текшерди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Жайыл психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин кыш мезгилине карата абалы менен таанышты. Жылытуу системасынын электр казандары, тамак-аш блогунун жана мончо-кир жуугуч комплексинин иштеши текшерилди. Ошондой эле кызмат алуучулардын жашоо шарттары менен таанышты. Мекемеге барган учурда видеокөзөмөл системасы орнотулуп жаткан. Министр бюджеттен тышкаркы каражаттын эсебинен курулган жаңы корпустун сапатын […]

Далее..... Министр Гүлнара Баатырова Жайыл жатак-үйүн текшерди

Эмгек министри Швейцариянын элчиси менен жумушсуз жаштарды кесипке окутууну жана ишке орноштурууну уюштурууну талкуулады

Бүгүн, 12-декабрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер менен кызматташуу маселелерин талкуулады. Тараптар кыска мөөнөттүү курстар аркылуу жаштарды, аялдарды жана аярлуу катмардагы адамдарды квалификациясын жогорулатууга же кайра даярдоого багытталган “SDK – Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү” жаңы долбоорун ишке ашырууну талкуулашты. Тренингден кийинки колдоо, кесипке […]

Далее..... Эмгек министри Швейцариянын элчиси менен жумушсуз жаштарды кесипке окутууну жана ишке орноштурууну уюштурууну талкуулады

Эмгек министринин орун басары Баткен районундагы башталгыч мектептин ачылышына катышты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Ак-Сай айылындагы Көк-Таш айылындагы башталгыч мектептин ачылышына катышты. Мектеп 100 орунга ылайыкталган. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар жана айыл тургундары катышты. «Жылдын башында КР Президенти Садыр Жапаров 100 жаңы мектеп куруу боюнча тапшырма берген. Бүгүн биз алардын бирин ачып жатабыз. Өз кезегинде Эмгек жана социалдык […]

Далее..... Эмгек министринин орун басары Баткен районундагы башталгыч мектептин ачылышына катышты

Эмгек министри Гүлнара Баатырова: МСЭКтер толугу менен реформаланат

Бүгүн, 11-декабрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова республикадагы МСЭКтин жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөрдү. Кеңешме Министрликтин Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Талант Шаршеевдин катышуусунда өттү. Министр коомдо медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын ишине нааразычылык бар экенин белгилеп, коррупциялык схемалардын кайталанышына жол бербөө чараларын билдирди. «Бүгүнкү күндөн баштап медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга көзөмөл күчөтүлөт. […]

Далее..... Эмгек министри Гүлнара Баатырова: МСЭКтер толугу менен реформаланат

Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова: Экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү гендердик зомбулукту жеңүүгө жардам берет

ОшМУда аялдарга жана кыздарга карата зомбулук көйгөйүнө көңүл бурууга багытталган “Гендердик зомбулукка каршы 16 күн” акциясы аяктады. Иш-чарага кызыкдар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова зомбулуктун алдын алуу жана жабырлануучуларга жардам көрсөтүү боюнча ведомство тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу […]

Далее..... Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова: Экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү гендердик зомбулукту жеңүүгө жардам берет

Кыргызстанда 10 окутуу жана миграцияга чейинки даярдоо борборлору түзүлдү

  Бул тууралуу  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылы республикада Эмгек министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ички жана тышкы эмгек рыногу үчүн кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш алып барган 10 окуутуу жана миграцияга чейинки даярдоо борборлорун түздү. «Борборлор кесиптик […]

Далее..... Кыргызстанда 10 окутуу жана миграцияга чейинки даярдоо борборлору түзүлдү

Үч жылдын ичинде эмгек министрлиги чет өлкөлөрдө 25,7 миңден ашык кыргызстандыкты мыйзамдуу түрдө ишке орноштурду

Мындай сандарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова бүгүн өткөн 11 айдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди. «”Эгерде 2021 – жылы чет өлкөлөрдө мыйзамдуу түрдө 0,7 миң адам жумушка орношсо, 2023-жылы 13 миң кыргызстандык ишке орношкон. Жалпысынан бул мезгилде 25,7 миңден ашуун жаранды социалдык кепилдиктер менен чет өлкөлөрдө иштөөгө жардам берди”, – […]

Далее..... Үч жылдын ичинде эмгек министрлиги чет өлкөлөрдө 25,7 миңден ашык кыргызстандыкты мыйзамдуу түрдө ишке орноштурду

Эмгек министрлиги 414 эмгек мигрантына 26,2 миллион рубль өлчөмүндө төлөнбөгөн эмгек маянасын алууга жардам берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо чаралары тууралуу маалымат берди. «Министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү биздин эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча системалуу түрдө иш алып барат. Алардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү (эмгек акыларын өндүрүү, өндүрүштөн жаракат алган жарандарга компенсация төлөп берүү, кармалган жарандарга милиция бөлүмдөрүнө баруу аркылуу жардам берүү ж.б.). […]

Далее..... Эмгек министрлиги 414 эмгек мигрантына 26,2 миллион рубль өлчөмүндө төлөнбөгөн эмгек маянасын алууга жардам берди

Жыл башынан бери жеке ассистенттерге 970,7 млн сомдон ашык акча төлөнүп берилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын айтымында, бүгүнкү күндө 14 миң чоң киши жана майып балдар “жеке ассистент”кызматын алышат. “Жеке ассистенттердин эмгек акысы дээрлик 30% га 4900 сомдон 6268 сомго чейин көтөрүлдү. Бул кызмат майыптыгы бар балдардын ата-энелерине келечекте пенсия алууга мүмкүнчүлүк берет. Жыл башынан бери аларга 970,7 млн сомдон ашык төлөнгөн”, – […]

Далее..... Жыл башынан бери жеке ассистенттерге 970,7 млн сомдон ашык акча төлөнүп берилди
Пайдалуу
Ссылкалар