Министр Улукбек Кочкоров ушул жылдын октябрь айында акча каражатын өз убагында албай калган социалдык төлөм алуучулардан кечирим сурайт жана мындан ары мындай болбой тургандыгын баса белгилейт

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров ушул жылдын октябрь айында акча каражатын өз убагында албай калган социалдык төлөм алуучулардан кечирим сурайт жана мындан ары мындай болбой тургандыгын баса белгилейт. Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында,  социалдык төлөмдөрдү борборлоштуруу боюнча пилоттук проект өтүүдө. Республиканын 5 районунда: Талас облусунун Бакай-Ата районунда, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда, […]

Далее..... Министр Улукбек Кочкоров ушул жылдын октябрь айында акча каражатын өз убагында албай калган социалдык төлөм алуучулардан кечирим сурайт жана мындан ары мындай болбой тургандыгын баса белгилейт

Министр Улукбек Кочкоров Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Акыркы эки жыл аралыгында калкка социалдык кызмат көрсөтүүдө бир топ алгылыктуу иштер жасалды. Анын негизгилерине токтолоюн. Оор майыптыгы бар балдарын карап, асыраган ата-энелерге социалдык колдоо көрсөтүү тууралуу айтылып, бирок көп жылдан бери чечилбей келаткан маселе чечилди. Натыйжада, оор майыптыгы бар 7 621 балага ай сайын 4900 сомдон жеке ассистент кызматы үчүн төлөнүп жатат. Санариптештирүүнүн алкагында […]

Далее..... Министр Улукбек Кочкоров Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Жеке ассистенттердин октябрь айынын төлөмү 28-октябрдан 5-ноябрга чейин которулат

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды караган жеке ассистенттердин сентябрь айындагы акысы толугу менен төлөнгөндүгүн билдирет. Октябрь айынын төлөмү 28-октябрдан 5-ноябрга чейин которулат. Ошондой эле, Министрлик учурда жеке ассистентерге төлөмдөрдү борборлоштуруу маселеси иштелип жаткандыгын маалымдайт. Иш-чара өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө. Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 7621 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга 7471 жеке […]

Далее..... Жеке ассистенттердин октябрь айынын төлөмү 28-октябрдан 5-ноябрга чейин которулат

Министринин орун басары Ализа Солтонбекова Бишкек шаарындагы кризистик борборлордун жетекчилери менен жолукту

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова Бишкек шаарындагы кризистик борборлордун жетекчилери менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулук жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Министрдин орун басары карантин учурунда жабыркагандарга колдоо, жардам көрсөткөн кризистик борборлордун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташтыкка үмүт артарын билдирди.

Далее..... Министринин орун басары Ализа Солтонбекова Бишкек шаарындагы кризистик борборлордун жетекчилери менен жолукту

Кимдер жеке ассистент боло алат?

Кимдер жеке ассистент боло алат? Ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (асыроочулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар), жакын туугандары (чоң атасы, чоң апасы, таятасы, таянеси, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, багып алган ата-энеси) же 65 жашка чейинки тиешелүү окутуудан өткөн башка адамдар. Жеке ассистент бир эле мезгилде бир үй-бүлөдөн бир нече ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы […]

Далее..... Кимдер жеке ассистент боло алат?

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кызмат көрсөткөн жеке ассистенттердин октябрь айына айлык акысы толук каржыланды

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кызмат көрсөткөн жеке ассистенттердин октябрь айына айлык акысы толук каржыланды. Бүгүнкү күндө дайыма бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон 7621 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балага 7471 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтүп жатат. Жеке ассистенттин ай сайын айлык акысынын өлчөмү 4900 сомду түзөт. Белгилей кетсек, жеке ассистенттер үчүн ыктыярдуу патент жана камсыздандыруу […]

Далее..... Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кызмат көрсөткөн жеке ассистенттердин октябрь айына айлык акысы толук каржыланды

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан төлөнгөн бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлдү

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан төлөнгөн бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлгөндүгүн Министрлик маалымдайт. Акчалай төлөмдөрдү жеткирүү кызматтарын эске алуу менен ушул жылдын октябрь айына карата 747605,9 миң сом каржыланган: Калкка социалдык жардам 747 605,9 анын ичинде:   үй-бүлөгө көмөк 295 012,4 ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдар 303 760,1 акчалай компенсациялар […]

Далее..... Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан төлөнгөн бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлдү

Ушул жылдын башынан тарта КРнын ЭСӨ Министрлигине жарандардан 1272 арыз жана даттануулар түшкөн

Ушул жылдын башынан тарта КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жарандардан 1272 арыз жана даттануулар түшкөн, анын ичинен 66 электрондук кайрылуулар. Жарандар төмөнкү суроолор боюнча кайрылышкан: –          мамлекеттик жөлөкпулдарды чегерүү жөнүндө – 196 арыз (15,4%); –          жеңилдиктерди берүү  – 145 арыз (11,4%); –          материалдык же гуманитардык жардам көрсөтүү – 392 арыз (30,8%); –          майыптык […]

Далее..... Ушул жылдын башынан тарта КРнын ЭСӨ Министрлигине жарандардан 1272 арыз жана даттануулар түшкөн

Бишкек шаардык улайган жана ДМЧАлар үчүн социалдык стационардык мекеменин кызматкерлерине Ысык-Ата санаториясына жолдомо берилди

Бишкек шаардык улайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекеменин кызматкерлери:  Абдылдаева Гульжанга жана Абыканова Венерага Ысык-Ата санаториясына жолдомо тапшырылды. Мекеменин профсоюз уюму тарабынан алардын көп жылдык үзүрлүү эмгеги белгиленди.

Далее..... Бишкек шаардык улайган жана ДМЧАлар үчүн социалдык стационардык мекеменин кызматкерлерине Ысык-Ата санаториясына жолдомо берилди

2020-жылдын 1-октябрына карата 108 048 балага, бир жолу төлөнүүчү “Балага сүйүнчү” берилген

2020-жылдын 1-октябрына карата 108 048 балага, бир жолу төлөнүүчү “Балага сүйүнчү” берилген. Буга республикалык бюджеттен 400 млн. сомдон ашык каражат сарпталган. Министрликтин маалыматына ылайык ушул жылы үч эм төрөлгөн 9 үй-бүлө кайрылган. Алардын ар бир баласына 50 миң сомдон төлөнүп берилген.

Далее..... 2020-жылдын 1-октябрына карата 108 048 балага, бир жолу төлөнүүчү “Балага сүйүнчү” берилген
Пайдалуу
Ссылкалар