2020-жылдын 1-сентябрына карата жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды алуучулардын саны 40,6 миң адамды түзгөн

2020-жылдын 1-сентябрына карата жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды алуучулардын саны 40,6 миң адамды түзгөн. Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар ай сайын 25 категориядагы жарандарга төлөнүп берилет. Акчалай компенсациялардын өлчөмү 1000 сомдон 7000 сомго чейин. Республикалык бюджеттин эсебинен жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды төлөөгө жалпы суммасы 662,5 млн. сом акча каражаты каржыланган.

Далее..... 2020-жылдын 1-сентябрына карата жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды алуучулардын саны 40,6 миң адамды түзгөн

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин м.а. Каныбек Адиев “Элет көйгөйү” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен жолугушту

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Адиев бүгүн, 18-сентябрда “Элет көйгөйү” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө “Элет көйгөйү” коомдук бирикмесинин төрайымы Марипа Алыйкулова калктын көйгөйлөрүн бийликке жеткирүү бирикеменин милдети экендигин айтып өттү. Ал: “Бизге мамлекеттин колдоосуна муктаж үй-бүлөлөр кайрылышат. Ар биринин тагдыры ар башка. Бүгүн кимдер келсе, дээрлик бардыгы турак жайга […]

Далее..... Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин м.а. Каныбек Адиев “Элет көйгөйү” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен жолугушту

16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпулду алуунун жол-жоболору

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпулду алуунун жол-жоболорун маалымдайт. Кайсы үй-бүлө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун ала алат? «Үй-бүлөгө көмөктү» төмөнкү үй-бүлөлөр ала алат: 16 жашка чейинки балдары бар; Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, б.а. 1000 сомдон төмөн болсо. […]

Далее..... 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпулду алуунун жол-жоболору

Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр

Жумушсуз же жумуш издөөчү катары катталуу үчүн кайда кайрылуу керек? Жашаган жери боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык органдарына. Кандай документтер талап кылынат? 1) паспорт; 2) эмгек китепчеси же анын дубликаты; 3) анын кесиптик квалификациясын ырастоочу документтер. Биринчи жолу жумуш издеп жаткан (мурда иштебеген), кесиби (адистиги) жок жарандарды каттоо паспортту жана билими жөнүндө документти […]

Далее..... Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр

2020-жылдын 1-сентябрына  карата мамлекеттик жөлөкпулду   алуучулардын жалпы саны 508,2 миң адамды түздү

2020-жылдын 1-сентябрына  карата мамлекеттик жөлөкпулду   алуучулардын жалпы саны 508,2 миң адамды түздү. Алардын ичинен “Үй-бүлөгө көмөк” – 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 322,2 миң адамды түздү. “Социалдык жөлөкпул” – пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 93,2 миң адамды түздү. Бала төрөлгөндө […]

Далее..... 2020-жылдын 1-сентябрына  карата мамлекеттик жөлөкпулду   алуучулардын жалпы саны 508,2 миң адамды түздү

2020-жылдын 2-кварталында турмуштук оор кырдаалга кабылган 725 үй-бүлө жана 2126 бала аныкталган

2020-жылдын 2-кварталында турмуштук оор кырдаалга кабылган 725 үй-бүлө жана 2126 бала аныкталган. Аларга 393 үй-бүлө менен жеке иштөө планы жана 1342 баланы коргоо боюнча жеке планы түзүлгөн. Быйылкы жылдын 2-кварталында  балдарга карата 274 зордук зомбулук факты катталган, алардын ичинен – 170 дене-бойлук зомбулугу, 33 – сексуалдык жана 19- психологиялык. Андан сырткары, мыйзам менен чатагы бар […]

Далее..... 2020-жылдын 2-кварталында турмуштук оор кырдаалга кабылган 725 үй-бүлө жана 2126 бала аныкталган

Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 8423 жумушсуз жаран ишке орноштурулган

2020-жылдын 1-сентябрына карата иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуз жарандардын саны 100,0 миңди түздү. Эмгек жана ишке орноштуруу мыйзамдарынын маселелери боюнча, кесиптик окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө, кесип тандоо боюнча консультацияларды 50782 адам алган. Жумушсуздук боюнча 215 жумушсуз жаранга жөлөкпул дайындалган. Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 8423 жумушсуз жаран ишке […]

Далее..... Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 8423 жумушсуз жаран ишке орноштурулган

Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институтунда коронавирустук инфекциядан дарыланып жаткан акыркы бейтап ооруканадан чыгарылды

Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институтунда коронавирустук инфекциядан дарыланып жаткан акыркы бейтап ооруканадан чыгарылды. Эске салсак, COVID-19 пандемия учурунда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине эки медициналык мекеме бекитилген:   Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институту жана Улуттук онкология жана гематология борбору. Аталган мекемелерди көзөмөлдөө учурунда, 2020-жылдын 8-июлунан тартып коронавирус илдетине чалдыккан баардыгы – 1116 […]

Далее..... Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институтунда коронавирустук инфекциядан дарыланып жаткан акыркы бейтап ооруканадан чыгарылды

КР ЭСӨМ жана “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы ” Коомдук фонду “Үй-бүлөнүн улгайган мүчөлөрүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу” боюнча тренинг өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги,  111 – “Балдар үчүн  ишеним телефону” борбору,  “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы ” Коомдук фонду менен биргеликте USAID жана FHI 360 “Жигердүү Жарандар” долбоорунун колдоосу менен 2020-жылдын 10-сентябрында, “Үй-бүлөнүн улгайган мүчөлөрүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу” боюнча тренинг өткөрдү КРТренингдин катышуучулары: «111 Балдар үчүн ишеним  […]

Далее..... КР ЭСӨМ жана “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы ” Коомдук фонду “Үй-бүлөнүн улгайган мүчөлөрүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу” боюнча тренинг өткөрдү

Социалдык кызматтарды пилоттоштуруу Кочкор районунда ийгиликтүү өтүүдө

Нарын облусунун Кочкор районунун Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Европа биримдигинин финансылык колдоосу алдында ишке ашырылуучу «Үй-бүлө түрүндөгү камкордук» долбоорунун колдоосунда, Ысык-көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын райондук башкармалыктарынын кесиптештери менен турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн социалдык кызматтарды пилоттоштурууда тажрыйба алмашуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Иш-чаранын алкагында Кочкор райондук […]

Далее..... Социалдык кызматтарды пилоттоштуруу Кочкор районунда ийгиликтүү өтүүдө
Пайдалуу
Ссылкалар