КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча иш-чараларды баштады

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча иш-чараларды баштады. Социалдык контракттын шарттарын жана механизмин түшүндүрүү максатында, биринчи этапта Министрликтин аймактык бөлумдөрүнүн кызматкерлерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жана адистерине окутуу уюштурулду. Жалпысынан республика боюнча окууга 1000ден ашуун адам катышты. Семинар учурунда КРнын […]

Далее..... КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча иш-чараларды баштады

Министр Кудайберген Базарбаев Кара-Суу районундагы калкты иш менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорунун аткарылышы менен таанышты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Эмгек министрлиги менен биргеликте БУУнун Бүткүл дүйнөлүк «Эмгек үчүн азык-түлүк» программасынын алкагында Кара-Суу районунда муктаж болгон жарандарды жумуш менен камсыз кылууга багытталган ишке ашырылып жаткан бир катар долбоорлордун аткарылышы менен таанышты. Кара-Суу районунда Министр райондун борбору Кара-Суу шаарында, Кашкар-Кыштак, Кенже-Көл, Бек-Жар жана Жар-Ооз айылдарында болуп, долбоорлор ишке […]

Далее..... Министр Кудайберген Базарбаев Кара-Суу районундагы калкты иш менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорунун аткарылышы менен таанышты

Ноокат районунун жашоочулары эмгек министирлиги тарабынан кылынып жаткан иштер менен таанышты

Ноокат районунун майыптардын жана чоңдордун жашоо сапатын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев айтып берди. “Кыргызстанда 2019-жылдан бери туруктуу көзөмөлгө муктаж болгон майыптыгы бар балдар үчүн “Жеке ассистент” кызматы жеткиликтүү. Мамлекет мындай жеке жардамчылардын ишине акы төлөйт. 2022-жылдын 1-июнунан тартып Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун Жарлыгы менен төлөмдөрдүн өлчөмү 4900 […]

Далее..... Ноокат районунун жашоочулары эмгек министирлиги тарабынан кылынып жаткан иштер менен таанышты

Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги туугандарынын камкордугусуз жашаган мигранттардын 5,4 миң баласын аныктады

Эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо боюнча 148 920 үймө-үй текшерүү 2022-жылдын башынан бери эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомствонун коллегиясында айтылды. Мигрант ата-энелердин 88 034 баласы, алардын ичинен тышкы мигранттардын балдары – 73 546 (83,5%), ички мигранттардын балдары – 14 448 (16,5%) аныкталды. Табылган учурда алар менен туугандык байланышы жок адамдарда […]

Далее..... Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги туугандарынын камкордугусуз жашаган мигранттардын 5,4 миң баласын аныктады

Майыптыктын бар экендигин аныктаган медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын жетекчилиги 70% га жаңыртылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын жетекчи курамы 70% жаңыланды, бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев жарым жылдык коллегиянын алкагында билдирди. “Министрликтин системасында 27 медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) иштейт, алар майыптыктын бар экендигин аныктоо боюнча күбөлөндүрүүнү жана кайра күбөлөндүрүүнү жүргүзүшөт. Майыптыктын келип чыгышынын топторун, себептерин, мөөнөттөрүн аныктайт, реабилитациялоонун жекече программаларын иштеп чыгат. […]

Далее..... Майыптыктын бар экендигин аныктаган медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын жетекчилиги 70% га жаңыртылды

Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги баткендиктерге жардам тууралуу айтып берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында Баткен облусунда туруктуу жашаган жарандарга кандай социалдык колдоо көрсөтүлөрү болгон туралуу айтылды. КР Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 2021-жылдын 28-30-апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгон жарандардын 31-үй-бүлөсүнө 31,0 млн.сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам бөлүнгөн. 50,0 миң сомдон 100,0 миң сомго чейинки өлчөмдөгү бир жолку материалдык жардам 107 […]

Далее..... Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги баткендиктерге жардам тууралуу айтып берди

Эмгек министри Кудайберген Базарбаев жакырчылыктан чыгуу боюнча чаралар жөнүндө айтып берди

Жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган долбоорлорго болжол менен 70 миң адам же 13 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр катышты. Ошентип, бул чаралардын алкагында өлкө боюнча 357 инфраструктуралык, окутуучу жана киреше алып келүүчү долбоорлор ишке ашырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кудайберген Базарабев бүгүн өтүп жаткан ведомствонун коллегиясынын алкагында билдирди. “Министрлик БУУ ДАП […]

Далее..... Эмгек министри Кудайберген Базарбаев жакырчылыктан чыгуу боюнча чаралар жөнүндө айтып берди

Жылдын башынан бери 1 миллиондон ашык адам эмгек министрлигинин тармагы боюнча кызмат алышты

Бул тууралуу ведомствонун коллегиясында айтылды. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата жөлөкпул жана компенсация түрүндөгү социалдык төлөмдөрдү 572,1 миңден ашык адам алган. 198,1 миң адам иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жаатында кызмат көрсөтүүлөрдү алышты. 186,1 миң майып балдар жана чоңдор, улгайган жарандар, үй – бүлөлөр жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар ар кандай кызматтарды алышты – […]

Далее..... Жылдын башынан бери 1 миллиондон ашык адам эмгек министрлигинин тармагы боюнча кызмат алышты

Жыл башынан бери 12 миң адам – эмгек иш менен камсыз болду

Ведомствонун жарым жылдык коллегиясынын алкагында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жыл башынан бери 6,9 миң адам жумушка орношконун (өткөн жылга салыштырмалуу 2,9% га өсүш), коомдук акы төлөнүүчү иштерге 7,9 миң адам жиберилгенин маалымдады, бул 5,1% га көп. “Талдоо көрсөткөндөй, иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 4% га төмөндөгөн. Көндүмдөрдү […]

Далее..... Жыл башынан бери 12 миң адам – эмгек иш менен камсыз болду

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2022-жылдын башынан бери ведомствонун ишмердүүлүгү боюнча республикалык коллегияны өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бүгүн 2022-жылдын башынан бери ведомствонун ишмердүүлүгү боюнча республикалык коллегияны 22 июль өткөрдү. Тилектештик борборунун Өлкөлүк директору Лола Абдукадыровага коллегияны жана тренингдерин өткөрүүгө колдоо көрсөткөнүнө ыраазычылык билдиребиз.

Далее..... КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2022-жылдын башынан бери ведомствонун ишмердүүлүгү боюнча республикалык коллегияны өткөрдү
Пайдалуу
Ссылкалар