Ж.Б. Рысбекова Беларусь Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин делегациясы менен жолугушту
2024-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Ж.Б. Рысбекова Беларусь Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин делегациясы менен Кыргызстандагы гендердик саясат чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү. Беларусь Республикасынан келген кесиптештердин иш сапарынын максаты – мыйзамдарды жана мамлекеттик программаларды гендердик талдоо жана экспертизалоо чөйрөсүндөгү потенциалды жогорулатуу. Жолугушууга гендердик […]














