Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы майыптардын иштери боюнча кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү
24-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов Эдил Жолдубаевичтин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңештин (Кеңеш) кезектеги отуруму өткөрүлдү. Анда министрликтерден, ведомстволордон жана КЭУдан Кеңештин мүчөлөрү катышты. Кеңеште майыптыгы бар адамдарды спортко жана дене тарбияга тартуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун ишинин натыйжалары, Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертизанын […]