Балдарга жөлөк пулду жогорулатуу үчүн өлкөнүн бюджетинен 1 миллиардан ашык сом кошумча бөлүнгөн
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан Балыкчыдагы “Шоола Нурлуу балдар” майып балдарды колдоо жана өнүктүрүү борборундагы балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чарада билдирди. “Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөк пулдарын жогорулатууга кошумча 1 миллиардан ашык сом бөлдү, жогорулоо өлкө боюнча 300 миңден […]