Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары 9-Майга карата Президенттен 100 миң сомдон алышат
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Николай Мироненкону Жеңиш күнү менен куттуктап жатып билдирди. “Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Жарлыгы менен Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ошондой эле Ленинград шаарынын блокадачылары жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку жардам алышат. […]




















