Жаңыланган Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде кандай жаңы цехтер ачылды
Бүгүн, 14-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жаңыланган Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесин ачты. Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаты Винера Раимбачаева, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Камчыбек Досматов, ар кыл уюмдардын өкүлдөрү катышты. Аталган мекеме 80 жылдан бери чоңдор жана майыптыгы бар балдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды […]




















