Эмгек министрлиги эскертет: 11-январь Кыргызстанда жумуш күнү болот

  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 2025-жылдын 11-январь күнү (ишемби) жумуш күнү деп эсептелет.  Бул чечим дем алыш жана майрам күндөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган. 3 – январдагы эс алуу күнү үчүн 24-февралда, 6-январдагы эс алуу күнү үчүн 10-мартта иштөөгө туура келет. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодексин кабыл алуу менен майрам күндөрүн жылдыруу […]

Далее..... Эмгек министрлиги эскертет: 11-январь Кыргызстанда жумуш күнү болот

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энелердин жоопкерчилиги жөнүндө эскертет

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертет, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесине ылайык, ар бир баласынын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыз кылуу жоопкерчилиги ата-энеге, камкорчуга жана көзөмөлчүгө жүктөлөт. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине жана Балдар жөнүндө кодексине ылайык, ата-энелер (алардын ордуна өтө турган адамдар) баланы тарбиялоого, анын билим алуусуна камкордук көрүүгө жана жашына, […]

Далее..... Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энелердин жоопкерчилиги жөнүндө эскертет

Эмгек министрлиги социалдык стационардык мекемелерди пландан тышкары текшерүүнү жүргүзүүдө

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун тапшырмасы менен министрдин орун басарлары тарабынан жаңы жылдык эс алуу күндөрү министрликтин социалдык стационардык мекемелеринде текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул текшерүүнүн максаты- социалдык мекемелердеги жарандардын жашоо шартын текшерүү жана коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле социалдык кызматтарды сапаттуу көрсөтүү болуп саналат. Текшерүүлөрдүн алкагында ысык тамак-аштын стандарттарын сактоого, анын […]

Далее..... Эмгек министрлиги социалдык стационардык мекемелерди пландан тышкары текшерүүнү жүргүзүүдө

Эмгек министрлиги: Жаңы жылдык майрам күндөрү интернат үйлөрүндө нөөмөт уюштурулган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык стационардык мекемелерде жаңы жылдык майрамдарда кызматкерлердин нөөмөт графиги бекитилгенин эскертет. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Учурда социалдык камсыздоо системасында 17 социалдык стационардык мекеме иштейт. Аларда 2389 кызмат алуучулар – чоңдор жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, улгайган жарандар бар. Ведомстводон билдиришкендей, нөөмөт боюнча мониторинг Министрликтин жетекчилигинин […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Жаңы жылдык майрам күндөрү интернат үйлөрүндө нөөмөт уюштурулган

Равшанбек Сабиров “Жылдын мыкты коомдук ишмери” наамы менен сыйланды

Кыргыз Республикасындагы демократиянын, сөз эркиндигинин өнүгүшүнө, элибиздин социалдык -экономикалык турмушун жеңилдетүүгө өзгөчө салым кошкондугу, ошондой эле адилеттүүлүктү, акыйкаттуулукту ар дайым жактап, өз позициясында бекем туруп келгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Сабиров Равшанбек Азатович “Жылдын мыкты коомдук ишмери” наамы менен сыйланды.

Далее..... Равшанбек Сабиров “Жылдын мыкты коомдук ишмери” наамы менен сыйланды

Эмгек министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарып, мыкты кызматкерлерди сыйлады

2024-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде өтүп жаткан жылдын салтанаттуу жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чаранын алкагында Министрликтин өнүгүшүнө жана артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууга олуттуу салым кошкон кызматкерлер сыйланды. Иш-чарага Министрликтин жетекчилиги, түзүмдүк, ведомстволук жана райондук бөлүмдөрдүн кызматкерлери катышты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров өз сөзүндө ар бир кызматкердин ишинин маанилүүлүгүн […]

Далее..... Эмгек министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарып, мыкты кызматкерлерди сыйлады

Эмгек министри Равшанбек Сабиров социалдык кызмат алуучуларды жаңы жылы менен куттуктады

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров жаңы жыл алдында социалдык кызмат алуучуларга барды. Сапардын жүрүшүндө министр үйүндө социалдык кызматкердин кызматын алып жаткан 74 жаштагы Сакен Сейдалиеваны куттуктады. Равшанбек Сабиров аны менен көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапаты тууралуу маек куруп, улгайган жарандарды колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, социалдык кызматкерлерге эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. «Социалдык […]

Далее..... Эмгек министри Равшанбек Сабиров социалдык кызмат алуучуларды жаңы жылы менен куттуктады

2025-жылы Эс алуу күндөрүн жылдыруу чечими кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети 2025-жылга дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндө токтом кабыл алды. Бул чечим дем алыш жана майрам күндөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн төмөнкүдөй белгиленди: 1) […]

Далее..... 2025-жылы Эс алуу күндөрүн жылдыруу чечими кабыл алынды

Эмгек министрлигинде кызматкерлердин балдары үчүн жаңы жылдык балаты өттү

2024-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде борбордук аппараттын кызматкерлеринин балдары үчүн жаңы жылдык балаты өткөрүлдү. Министрликтин профсоюзу менен биргеликте уюштурулган иш-чарага майрамдык маанайды жана белектерди чыдамсыздык менен күткөн 20дан ашык жаш бөбөктөр катышты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга ден соолук, […]

Далее..... Эмгек министрлигинде кызматкерлердин балдары үчүн жаңы жылдык балаты өттү

Бишкекте президенттик балаты өтүп, Эмгек министрлиги аркылуу 250 бала катышты

2024-жылдын 28-декабрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президенттик балаты болуп өттү. Балдар үчүн салтка айланган жаңы жылдык иш-чарага президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышты. Президенттик балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан 1000ден ашык бала чакырылган, алардын арасында окуунун мыктылары, балдар үйлөрүнүн кызмат алуучулары, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматкерлеринин балдары, аз камсыз болгон […]

Далее..... Бишкекте президенттик балаты өтүп, Эмгек министрлиги аркылуу 250 бала катышты
Пайдалуу
Ссылкалар