Эмгек министрлиги: Эмгек мыйзамдарын бузуу фактылары 38%га азайды

Кыргызстанда 2026-жылдын январь–июнь айларында эмгек мыйзамдарын бузуу боюнча 723 факт аныкталды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 1 миң 172 мыйзам бузуу катталган. Ошентип, мыйзам бузуу фактыларынын саны 449 учурга, же 38,3%га кыскарды. Ошондой эле иш берүүчүлөргө берилген аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдүн саны 469дан 198ге чейин, башкача айтканда 57,8%га […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Эмгек мыйзамдарын бузуу фактылары 38%га азайды

Эмгек министрлиги: Эмгек инспекторлору кызматкерлердин пайдасына 4,4 млн сомдон ашык эмгек акыны өндүрүп беришти

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында эмгек инспекторлору кызматкерлердин пайдасына төлөнбөй калган эмгек акынын 4 миллион 408 миң 972 сомун өндүрүп беришти. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде өндүрүлгөн сумма 7 миллион 199 миң 869 сомду түзгөн. Натыйжада көрсөткүч 2 миллион 790 миң 896 сомго, же 38,8 пайызга азайды. Мындан тышкары, өндүрүштүк жаракаттан келтирилген зыяндын ордун толтуруу […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Эмгек инспекторлору кызматкерлердин пайдасына 4,4 млн сомдон ашык эмгек акыны өндүрүп беришти

Россияда үч кыргызстандыкка эмгек акы боюнча карызы төлөндү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү эмгек акысынын төлөнбөй жаткандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларынын негизинде тиешелүү чараларды көрдү. Көрүлгөн иштердин жыйынтыгында «НСМТ» ЖЧКсы тарабынан Кыргыз Республикасынын үч жаранына эмгек акы боюнча калган карыз 568 500 рубль өлчөмүндө толук төлөнүп берилди.

Далее..... Россияда үч кыргызстандыкка эмгек акы боюнча карызы төлөндү

Эмгек министрине сурооңуз барбы? Жеке кабыл алууга жазылыңыз!

Эгерде сизде суроолор, сунуштар болсо же Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрине жеке кайрылууну кааласаңыз, жеке кабыл алууга жазыла аласыз. Ошондой эле сиз алыскы аймакта жашасаңыз же жеке өзүңүз келе албасаңыз, министрдин кабыл алуусуна видеоконференция байланышы аркылуу онлайн форматта катышуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Бул үчүн 1966 кыска номерине (чалуу акысыз) чалып, байланыш калтырасыз. […]

Далее..... Эмгек министрине сурооңуз барбы? Жеке кабыл алууга жазылыңыз!

Улуттук квалификациялык кеңештин 7-отуруму болуп өттү

2026-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блок боюнча орун басары, Улуттук квалификациялык кеңештин төрагасы Улан Маматкановдун төрагалыгы алдында Улуттук квалификациялык кеңештин 7-отуруму болуп өттү. Отурумга Улуттук квалификациялык кеңештин мүчөлөрү – мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өкүлдөрү, министрлердин орун басарлары, иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин, кесиптик бирликтердин жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Отурумдун жүрүшүндө Улуттук квалификациялар […]

Далее..... Улуттук квалификациялык кеңештин 7-отуруму болуп өттү

Эмгек министри Канат Сагынбаев Талас облусундагы социалдык стационардык мекемелерге барды

  Талас облусуна болгон жумушчу сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев министрликтин карамагындагы эки социалдык стационардык мекемеге барды. Министр Бакай-Атадагы улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеде, ошондой эле Покровка айылындагы аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеде болду. Сапардын жүрүшүндө министр социалдык кызмат алуучулардын жашоо […]

Далее..... Эмгек министри Канат Сагынбаев Талас облусундагы социалдык стационардык мекемелерге барды

Талас облусунда «Бала ырысы» жөлөкпулуна 9076 жаран арыз берди

2026-жылдын 30–31-июлунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев жумушчу сапар менен Талас облусуна барды. Сапардын алкагында министрликтин жетекчиси райондук жана шаардык башкармалыктарды кыдырып, алардын ишмердүүлүгү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана калкты тейлөө шарттары менен таанышууда. Талас шаарында министр социалдык камсыздоо боюнча аймактык башкармалыкка барып, мамлекеттик «Бала ырысы» программасынын ишке ашырылышы менен […]

Далее..... Талас облусунда «Бала ырысы» жөлөкпулуна 9076 жаран арыз берди

Россия Федерациясы Кыргызстанга азык-түлүк жардамынын кезектеги партиясын жөнөттү

  2026-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасына Россия Федерациясы тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына (БУУнун ДАТП) жалпы көлөмү 1 957,3 тонна азык-түлүк жеткирилди. Анын ичинде 1 755 тонна буудай уну жана 202,3 тонна өсүмдүк майы бар. Азык-түлүк жардамы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын биргелешкен долбоорлорунун алкагында өлкө […]

Далее..... Россия Федерациясы Кыргызстанга азык-түлүк жардамынын кезектеги партиясын жөнөттү

Жыл башынан бери 10,7 миңден ашуун кыргызстандык жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин көмөгү менен чет өлкөдө жумушка орношту

  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарды өлкөдөн тышкары коопсуз, уюшкан жана мыйзамдуу ишке орноштурууну камсыздоо боюнча ишин улантууда. Отчёттук мезгилде Борбор тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүүгө уруксат берүү тууралуу документтерди кароо боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын төрт жыйыны өткөрүлдү. […]

Далее..... Жыл башынан бери 10,7 миңден ашуун кыргызстандык жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин көмөгү менен чет өлкөдө жумушка орношту

Кыргызстанда адам сатууга каршы аракеттенүү чаралары талкууланды

  2026-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте Адам сатууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган тегерек стол өткөрдү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М.К. […]

Далее..... Кыргызстанда адам сатууга каршы аракеттенүү чаралары талкууланды
Пайдалуу
Ссылкалар