Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационарынын жаңы имаратын көрүп чыкты
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 21-декабрда, Жалал-Абаддагы балдардын психо-неврологиялык социалдык стационарынын жаңы имаратын көрүп чыкты. Мекеменин директору Дамира Алимжанова берген маалыматка караганда, аталган имарат 1936-жылы карылар үйү катары ачылган. 1970-жылы ал балдар психоневрологиялык интернатына айланган. Анда Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 4 жаштан 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар […]