Эмгек министрлиги Япония менен кызматташуу мүмкүндүгүн талкуулады
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Нагаока шаарынын мэри Исода Тацунобу жетектеген Япониянын делегациялары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандарды ишке орноштуруу жана иш менен камсыз кылуу, миграция, калктын аярлуу катмары, анын ичинде майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар үчүн социалдык кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. […]













