Зордук-зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар «Бирдиктүү терезе» аркылуу кызмат ала алышат
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Дүйнөлүк банктын гендердик тобунун глобалдык директору Хана Брикси менен жолугушууда билдирди. Жолугушуу 2024-2030-жылдарга карата гендердик стратегия боюнча консультациялардын алкагында өттү. Министрдин айтымында, учурда сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүү борборун ачуу боюнча иштер жүрүп жатат, ал «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча […]




















