Аламүдүн районунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө

Аламүдүн районунун муниципалдык ишканалары жана мекемелери тарабынан бөлүнгөн каражаттарга алынган 400 азык-түлүк баштыкчалары таратылууда. Ар бир баштыкчага 1 литр өсүмдүк майы, 1 пачка чай, 2 кг. макарон, 5 кг ун салынып, гуманимтардык жардамдын жалпы суммасы – 152 400 сомду түзгөн. Ошондой эле, 500 азык-түлүк баштыкчалары Воронцовка айылында жашаган жарандарга таркатылган.

Далее..... Аламүдүн районунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө

Миңкуш айылында 411 аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчалары таркатылды

КРнын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн акча каражатына Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миңкуш айылында жашаган 411 аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчалары даярдалып таркатылды.

Далее..... Миңкуш айылында 411 аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчалары таркатылды

Нарын облусунун Жумгал районунда “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан көрсөтүлгөн гуманитардык жардам таратылууда

Нарын облусунун Жумгал районунда “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан көрсөтүлгөн гуманитардык жардам таратылууда.

Далее..... Нарын облусунун Жумгал районунда “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан көрсөтүлгөн гуманитардык жардам таратылууда

Аламүдүн районун Таш-Дөбө айылында муктаж жарандар үчүн атайын дүкөн ачылды

Аламүдүн районун Таш-Дөбө айылында муктаж жарандар үчүн атайын дүкөн ачылды. Анда жарандар бекер кийим-кече, азык-түлүк ала алышат. Мындан сырткары, демөөрчүлөрдөн келген азык-түлүк баштыкчалары 100 үй-бүлөгө таркатылды.

Далее..... Аламүдүн районун Таш-Дөбө айылында муктаж жарандар үчүн атайын дүкөн ачылды

Ош облусунун Ноокат районунда жардамга муктаж 4 465 үй-бүлө азык-түлүк менен камсыз болду

Ош облусунун Ноокат районунда коронавирус илдетинин кесепетинен жардамга муктаж 4 465 үй-бүлө азык-түлүк менен камсыз болду. Аталган жардам мамлекеттик резервден бөлүнгөн каражаттардын эсебинен берилген. Анын жалпы суммасы 3 млн. 572 мин сомду түзгөн.

Далее..... Ош облусунун Ноокат районунда жардамга муктаж 4 465 үй-бүлө азык-түлүк менен камсыз болду

Базар-Коргон районунда мамлекеттик материалдык резерден бөлүнгөн 311,95 тонна ун 6239 аз камсыз болгон үй-бүлөгө берилди

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик материалдык резервинен  бөлүнгөн 311,95 тонна ун 6239 аз камсыз болгон үй-бүлөгө түзүлгөн комиссиянын катышуусунда таркатылып берилди. Базар-Коргон району боюнча “1227.tunduk.kg” сайты аркылуу 10 552 жаран азык-түлүк муктаждыгы боюнча электрондук арыз беришкен. Андан 556 жарандын арызы кайтарылган (азык-түлүккө муктаж эмес), 1694 жаранга гуманитардык жардам көрсөтүлгөн. Жалпы 8302 жарандын […]

Далее..... Базар-Коргон районунда мамлекеттик материалдык резерден бөлүнгөн 311,95 тонна ун 6239 аз камсыз болгон үй-бүлөгө берилди

1000 үй-бүлөгө 10 кг макарондон жана 1 литр өсүмдүк майы таратылат

KOICA Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги жана KOICA бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы жашаган аз камсыз болгон 1000 үй-бүлөгө 15 000 АКШ долларды түзгөн азык-түлүк тапшырды. Гуманитардык жардам Жардам-штабы аркылуу таратылаарын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова белгиледи. 1000 үй-бүлөгө 10 кг макарондон жана 1 литр өсүмдүк майы таратылат.

Далее..... 1000 үй-бүлөгө 10 кг макарондон жана 1 литр өсүмдүк майы таратылат

Бүгүнкү күндө эсепте калган сумма 2 761 051 сом 78 тыйынды түзөт.

КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган депозиттик эсеп ачылган күндөн тартып баардыгы 16 141 047 сом 78 тыйын түшкөн. Бул каражаттан турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн акчалай каражаттарды бөлүштүрүү Комиссиясынын чечими менен: – Бишкек шаарынын мэриясына – 792 500,00 сом; – Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө бөлүнгөн 3 587 496,00 […]

Далее..... Бүгүнкү күндө эсепте калган сумма 2 761 051 сом 78 тыйынды түзөт.

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын апрель айынын 3 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 15 – 22 апрелине чейин 2681 телефондон кайрылуу (же бир суткада 383 чалуу түшкөн). Анын ичинен 454 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 35 же  (7,7%) жаш балдардан, ал эми 419 же (92,3%) чоң адамдардан түшкөн. Анын ичинен 419 абонентке телефон аркылуу […]

Далее..... «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын апрель айынын 3 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

Кыргызстанда 9-майга карата бир жолку төлөмдөр бериле баштады

Бүгүнкү күндө өлкөдө 234 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жашайт, алардын ичинен 59 майып, 143 катышуучу, 15 концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 17 Ленинграддын блокадачылары. Ошондой эле 1711 ооруктагы эмгекчилер, 3 эмгек армиячылары, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин 3 үй-бүлөсү, 2169 Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жесири (согуш бүткөндөн кийин каза […]

Далее..... Кыргызстанда 9-майга карата бир жолку төлөмдөр бериле баштады
Пайдалуу
Ссылкалар