Социалдык кызматкерлер күнүнө карата сыйлыктар тапшырылды
Бүгүн, 18-октябрда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнүнө карата сыйлыктар тапшырылды. Сыйлыктарды министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Арапбаевич Баймурзаев тапшырды. Ал үзүрлүү эмгектери үчүн сыйлык ээлерин куттуктап, алдыдагы ишмердүүлүктөрүнө ийгиликтерди каалады. Көп жылдык үзүрлүү жана ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү үчүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ардак грамотасы […]