1-октябрь Эл аралык карылар күнү министрдин орун басары К.Токтосартов улгайган жарандарга Ардак грамоталарды тапшырды
1-октябрь, Эл аралык карылар күнү “Ден соолук” сейил багында улагайган жарандарга арналган иш-чаранын алкагында министрдин орун басары Камалдин Токтосартов бир нече апаларга Министрликтин Ардак грамотасын тапшырды. “Сиздердин тажрыйбаңыздар биз үчүн абдан балуу. Сиздердин акыл-насаатыңыздарга биз ар дайым муктажбыз. Жаш муунга жол көрсөтүп, үлгү болгонуңуздар үчүн Сиздерге таазим. Эң негизгиси Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр каалайм. […]




















