Министрлик тарабынан берилүүчү социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө төлөндү
Коронавирустук инфекция пандемиясы шартында өзгөчө кырдаалды/ өзгөчө абалды киргизүү учурунда социалдык жактан корголбогон категориядагы жарандарды колдоо үч багытта жүргүзүлдү: гуманитардык/каржылык, социалдык кепилдиктер жана кошумча жардамдарды уюштуруу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен документтерди талап кылуусуз социалдык төлөмдөрдүн/кепилдиктердин мөөнөттөрү (мамлекеттик жөлөкпулдар, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар, жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар, жеке ассистент, МСЭКтин маалымкаты ж.б.) узартылды. Министрлик тарабынан берилүүчү […]




















