Жыл башынан тартып “бала сүйүнчү” бир жолку жөлөкпул 37 579 балага төлөндү
Ушул жылдын башынан тартып бала төрөлгөндө бир жолку төлөнүүчү “балага сүйүнчү” жөлөкпулу 37 579 балага төлөнүп берилди. Буга республикалык бюджеттен 151 млн. сарпталган.
Ушул жылдын башынан тартып бала төрөлгөндө бир жолку төлөнүүчү “балага сүйүнчү” жөлөкпулу 37 579 балага төлөнүп берилди. Буга республикалык бюджеттен 151 млн. сарпталган.
Учурда бардык региондордо кризистик борборлор он-лайн режиминде иштеп жаткандыгын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт. Министрлик кризистик борборлордун байланыш номурларын эске салат. Балдар жана чоң адамдар психологиялык жардамды төмөнкү номурлардан ала алышат: Бишкек шаары: 0709 710 320 – Жапаралиева Адинай; Нарын облусу: 0700 257890 – Саякбаева Света, 0708 747 274 – Султанбекова Асыл; Талас облусу: […]
Бүгүн, 29-апрелде, «FHI» Коомдук кайрымдуулук фонду Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 400 000 сомду түзгөн 500 азык-түлүк баштыкчаларын тапшырды. Министр Улукбек Кочкоров көрсөтүлгөн колдоо үчүн терең ыраазычылык билдирип, берилген азык-түлүктөр гемодиализ кызматтарын алган жарандарга, “Оберег” коомдук бирикмесине, “Рука в руке” ресурстук борборуна жана “Услышь меня” коомдук кайрымдуулук фондуна тапшырылаарын айтты. Фонддун өкүлдөрү бир нече жылдан […]
Аламүдүн районунун муниципалдык ишканалары жана мекемелери тарабынан бөлүнгөн каражаттарга алынган 400 азык-түлүк баштыкчалары таратылууда. Ар бир баштыкчага 1 литр өсүмдүк майы, 1 пачка чай, 2 кг. макарон, 5 кг ун салынып, гуманимтардык жардамдын жалпы суммасы – 152 400 сомду түзгөн. Ошондой эле, 500 азык-түлүк баштыкчалары Воронцовка айылында жашаган жарандарга таркатылган.
КРнын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн акча каражатына Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миңкуш айылында жашаган 411 аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчалары даярдалып таркатылды.
Нарын облусунун Жумгал районунда “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан көрсөтүлгөн гуманитардык жардам таратылууда.
Аламүдүн районун Таш-Дөбө айылында муктаж жарандар үчүн атайын дүкөн ачылды. Анда жарандар бекер кийим-кече, азык-түлүк ала алышат. Мындан сырткары, демөөрчүлөрдөн келген азык-түлүк баштыкчалары 100 үй-бүлөгө таркатылды.
Ош облусунун Ноокат районунда коронавирус илдетинин кесепетинен жардамга муктаж 4 465 үй-бүлө азык-түлүк менен камсыз болду. Аталган жардам мамлекеттик резервден бөлүнгөн каражаттардын эсебинен берилген. Анын жалпы суммасы 3 млн. 572 мин сомду түзгөн.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик материалдык резервинен бөлүнгөн 311,95 тонна ун 6239 аз камсыз болгон үй-бүлөгө түзүлгөн комиссиянын катышуусунда таркатылып берилди. Базар-Коргон району боюнча “1227.tunduk.kg” сайты аркылуу 10 552 жаран азык-түлүк муктаждыгы боюнча электрондук арыз беришкен. Андан 556 жарандын арызы кайтарылган (азык-түлүккө муктаж эмес), 1694 жаранга гуманитардык жардам көрсөтүлгөн. Жалпы 8302 жарандын […]
KOICA Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги жана KOICA бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы жашаган аз камсыз болгон 1000 үй-бүлөгө 15 000 АКШ долларды түзгөн азык-түлүк тапшырды. Гуманитардык жардам Жардам-штабы аркылуу таратылаарын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова белгиледи. 1000 үй-бүлөгө 10 кг макарондон жана 1 литр өсүмдүк майы таратылат.