Ысык-Көл облусунда почта бөлүмдөрүнүн кызматкерлери пенсияларды жана жөлөкпулдарды алуучулардын үйлөрүнө жеткирип берүүдө
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда почта бөлүмдөрүнүн кызматкерлери пенсияларды жана жөлөкпулдарды алуучулардын үйлөрүнө жеткирип берүүдө. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча Жети-Өгүз районунда мамлекеттик жөлөкпулдарды 4500 адам алат. Анын ичинен 1640 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу төлөнөт. Ал эми калгандары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, пенсияга укугу жок улгайган жарандар ай сайын социалдык […]




















