106 фостердик үй-бүлөдө 207 бала тарбияланат

  Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева “Кыргызстанда баланын үй-бүлөлүк курчоого алуу укугун сактоо”аттуу тегерек столдо билдирди. “Биздин өлкөдө ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан үй-бүлөлүк тарбиялоонун альтернативдүү формаларынын бири фостердик үй-бүлөлөр болду. Аталган институт балдардын интернаттарга түшүүсүн алдын алууга көмөктөшөт, ал 2014-жылдан бери ишке ашырылып келет. Бүгүнкү күндө 207 бала […]

Далее..... 106 фостердик үй-бүлөдө 207 бала тарбияланат

Эмгек министрлиги дүйнө жүзү боюнча кыргызстандыктардын 198 диаспорасы менен кызматташат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Министрлик чет өлкөдөгү кыргызстандыктар түзгөн 198 кыргыз диаспора уюмдарынын коомдук бирикмелери жана жергиликтүү бирикмелери менен кызматташат. Алардын ичинен КМШ өлкөлөрүндө 135 бирикме бар, тактап айтканда – Россияда-124, Казакстанда-7, Өзбекстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Украинада бирден. Эмгек министрлиги ошондой эле Европадагы мекендештердин 37 уюму (Италия, Улуу Британия, Германия, Австрия, Чехия, […]

Далее..... Эмгек министрлиги дүйнө жүзү боюнча кыргызстандыктардын 198 диаспорасы менен кызматташат

Эмгек министрлиги: 651 миң кыргызстандык дүйнөнүн 33 өлкөсүндө иштеп, окуп жатат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө билдиргендей, акыркы мезгилде кыргызстандыктардын миграциялык агымы өзгөрө баштады. «Бүгүнкү күндө биздин мекендештер дүйнөнүн 33 өлкөсүндө – Россияда, Казакстанда, Түркияда, АКШда, БАЭде (Бириккен Араб Эмираттары), Түштүк Кореяда, Италияда, Австрияда, Улуу Британияда ж.б. Биз Россия Федерациясына баргандардын азайгандыгын байкап жатабыз, учурда […]

Далее..... Эмгек министрлиги: 651 миң кыргызстандык дүйнөнүн 33 өлкөсүндө иштеп, окуп жатат

Социалдык кызматкерлер Бишкектин бардык жалгыз бой улгайган жарандарын текшеришти – Эмгек министрлиги

Бүгүн, 2-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын тапшырмасы менен социалдык кызматкерлер Бишкек ш.мэриясы менен биргеликте социалдык кызмат алган бардык жалгыз бой улгайган жарандарды текшерди. Жалпысынан борбор калаада үйүндө социалдык кызматкердин кызматын алган 573 адам бар. Бул жалгыз бой улгайган жарандар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана жалгыз бой кары жубайлар. Алардын ичинен 370 кызмат […]

Далее..... Социалдык кызматкерлер Бишкектин бардык жалгыз бой улгайган жарандарын текшеришти – Эмгек министрлиги

Эмгек министрлиги: Бишкектеги карылар үйүнүн айрым кызмат алуучулары Нижне-Серафимовкадагы жатак-үйүнө которулат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн Нижне-Серафимовкадагы карылар үйүнө убактылуу кошумча 30 орун уюштурду. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Бул иш-чара бүгүн, 2-февралда ЖЭБте болгон аварияга байланыштуу, Бишкек шаардык карылар жатак үйүнүн кызмат алуучуларынын бир бөлүгүн убактылуу жайгаштыруу максатында ишке ашырылды.

Далее..... Эмгек министрлиги: Бишкектеги карылар үйүнүн айрым кызмат алуучулары Нижне-Серафимовкадагы жатак-үйүнө которулат

Эмгек министри Г. Баатырова “Келечек” РБ кызмат алуучуларын Сокулук реабилитациялык борборуна убактылуу жайгаштырууну тапшырды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкек шаары боюнча ЖЭБге бир гана социалдык объект – “Келечек” реабилитациялык борбору кошулган. Учурда «Келечек» реабилитациялык борборунда 33 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала стационардык дарыланууда, анын ичинен план боюнча бүгүн 17 баланын реабилитациясы аяктап чыгарылыш керек болчу. Министрликтен маалымдашкандай, эртең менен баштап борбордогу абал министр Гүлнара Баатырованын […]

Далее..... Эмгек министри Г. Баатырова “Келечек” РБ кызмат алуучуларын Сокулук реабилитациялык борборуна убактылуу жайгаштырууну тапшырды

Эмгек министрлиги ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча жаңы активдүү чараларды пилоттук түрдө өткөрүүсүн аяктады

  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жаңы активдүү эмгек рыногу боюнча чараларды пилоттук түрдө өткөрүүнү аяктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Министрдин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, иштелип чыккан жаңы чаралар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, жаштарды, аялдарды жана кайтып келген эмгек мигранттарын иш менен камсыз кылууну жакшыртууга багытталган. “Пилоттоштуруу 30 райондо […]

Далее..... Эмгек министрлиги ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча жаңы активдүү чараларды пилоттук түрдө өткөрүүсүн аяктады

Эмгек министрлигинин Түп  башкармалыгы маалымдайт:  Каражаттарды мыйзамсыз коротуу фактысы боюнча документтер башкармалык тарабынан УКМКга убагында өткөрүлүп берилген

    Түп Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы   финансы жана эсеп бөлүмүнүн кызматкери С.Н.Д.нын кармалышы боюнча,  финансылык мыйзам бузуулар аныкталган учурда,  документтер ыкчам түрдө УКМКга өткөрүлүп берилгенин билдирет. Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз коротуу жана ысырап кылуу фактысы боюнча кармалган кызматкер  жумуштан четтетилген. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамына […]

Далее..... Эмгек министрлигинин Түп  башкармалыгы маалымдайт:  Каражаттарды мыйзамсыз коротуу фактысы боюнча документтер башкармалык тарабынан УКМКга убагында өткөрүлүп берилген

Жаңыл Алыбаева аялдардын республикалык “Биз биргебиз” форумуна катышты

«Биз биргебиз» аталышындагы аялдардын республикалык форуму өткөрүлүп, ага Жогорку Кеңештин айым депутаттары Айсаракан Абдибаева, Шарапаткан Мажитова, Винера Раимбачаева, Динара Ашимова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Лейла Лурова жана Жылдыз Садырбаева катышты. Ошондой эле иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева жана өлкө аймактарынан келген айылдык, шаардык кеңештердин депутаттары, активист айымдар да […]

Далее..... Жаңыл Алыбаева аялдардын республикалык “Биз биргебиз” форумуна катышты

Эмгек министрлигинде мигранттардын коопсуздугу үчүн инновациялык технологиялардын презентациясы өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова санариптик форматтагы чек аралардан тоскоолдуксуз жана коопсуз өтүүнү камсыз кылган швейцариялык Travizory компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев да катышты. Гүлнара Баатырова мигранттардын коопсуздугун камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан Мнистрликтин алдына коюлган маанилүү милдет экенин баса […]

Далее..... Эмгек министрлигинде мигранттардын коопсуздугу үчүн инновациялык технологиялардын презентациясы өттү
Пайдалуу
Ссылкалар