КР Эмгек министрлигинин жетекчиси Россиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен миграция тармагындагы көйгөйлүү маселелерди талкуулады
Эмгек министри Равшанбек Сабиров Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча Башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Валентина Казакова Россия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин 2024-жылдын 30-декабрындагы Жарлыгына ылайык Россияда жүргөн кыргызстандыктарды мыйзамдаштыруу боюнча орус тараптын учурдагы иштери тууралуу айтып берди. Равшанбек Сабиров өз кезегинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук статусун жөнгө салууда келип чыгуучу […]













