Министр Гүлнара Баатырованын маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоосу
Урматтуу журналисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм! Заманбап адам маалыматсыз жашай албайт, анын объективдүү чагылдырылышы сизден көз каранды. Сиздерге учурдагы коомдук-саясий окуяларды калкка ишенимдүү жеткирүү, мамлекеттик бийлик органдары менен конструктивдүү диалогду түзүү, жарандык коомдо ачыктыкты түзүү боюнча маанилүү жана жооптуу миссия жүктөлгөн. Биз […]