Кайдыгер кала албаган жер

Жайдын биринчи күнүндө биз балдардын негизги майрамын – Балдарды коргоо күнүн белгилейбиз. Балдарды коргоонун Эл аралык күнүндө КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдар үйлөрүнүн жана реабилитациялык борборлордун тарбиялануучуларын куттуктады. Жардамга муктаж балдарга кам көрүү министрликтин маанилүү бөлүгү болуп саналат. 1-июнда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Социалдык коргоо департаментинин жетекчиси […]

Далее..... Кайдыгер кала албаган жер

Былтыр 4 миңге жакын бала үй-бүлө тапты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад балдар психоневрологиялык интернатынын жана “Ак-Жол” реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларын Балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен куттуктады. “КР Президенти С.Н.Жапаровдун көңүл буруусунун аркасында өткөн жылдан бери интернаттардагы балдардын жана чоңдордун тамактануусу кыйла жакшырды. Тамактанууну каржылоо 100% көбөйгөндөн кийин балдар дайыма шире, мөмө-жемиш, жашылча, кондитердик азыктарды алып турушат. Дегеле, […]

Далее..... Былтыр 4 миңге жакын бала үй-бүлө тапты

Нурдөөлөт Базарбаев Балдарды коргоо күнү менен куттуктады

Америка Кошмо штаттарында жашап жана иштеп жаткан мигрант мекендештердин демөөрчүлүгү менен Балыкчы шаарында борбордук сейил багы ачылган. 2023-жылдын 1- июнунда аталган сейил багында Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата иш чара уюштурулду. Ал иш – чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Н.С.Базарбаев , Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.К.Сарбагышев жана […]

Далее..... Нурдөөлөт Базарбаев Балдарды коргоо күнү менен куттуктады

Улан Чаначев Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Буга чейин ал КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин санариптик өнүктүрүү жана сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган

Далее..... Улан Чаначев Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды

Эмгек министри жакынкы жылдары кандай адистер талап кылынарын айтты

Жакынкы жылдарда дүйнөлүк эмгек рыногу санариптештирүү жаатында жогорку талаптарга жооп берген жаңы көндүмдөрү бар адистерге муктаж болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Кыргыз-герман кызматташтыгынын келечеги: трансформациядан жаңы доорго” аттуу конференцияда билдирди. «Ошондуктан адилеттүү трансформация 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги принциби болуп саналат. Санариптештирүү жана жашыл экономика Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн […]

Далее..... Эмгек министри жакынкы жылдары кандай адистер талап кылынарын айтты

“Мурас” достук мелдеши: “Ден- соолук” командасы жеңишке жетти

Бишкек шаарында 27-28-майда өткөн футзал боюнча кезектеги “Мурас” достук мелдеши жыйынтыкталды. Беттештердин жыйынтыгында биринчи орунду башкы дарыгерлерден, медициналык мекемелердин жетекчилеринен турган “Ден-Соолук” командасы ээледи. Оюнчуларга чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды. Экинчи орунду “Спорттук федерациялар” командасы алып, байге катары 300 миң сомдук сертификатка ээ болду. Үчүнчү орунду жана 200 миң сомдук сертификатты […]

Далее..... “Мурас” достук мелдеши: “Ден- соолук” командасы жеңишке жетти

Эмгек министрлиги “Мээримдүү тыйын ” акциясында

Бүгүн, 27 майда КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ж.И.Алыбаева “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган “Мээримдүү тыйын” акциясынын кутуларды ачуу салтанатына катышты. Министрдин орун басары коомдук фонд менен тыгыз иштешип, өспүрүм балдарга биргеликте жардам беришерин айтты. ““Элим барсыңбы?” коомдук фонду менен бир канча жылдан бери жаш балдарга жардам берип, ошондой […]

Далее..... Эмгек министрлиги “Мээримдүү тыйын ” акциясында

Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте 27-28-май күндөрү өтүүчү салтка айланган “Мурас” достук турнири старт алды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө кезектеги салттуу “Мурас” турниринин башталышы менен баарын куттуктап, бул төртүнчү турнир экенин эске салды. Садыр Жапаров бул турнирге кызыгуу барган сайын өсүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Бүгүнкү курамда Курултайдын делегаттарынан турган жаңы команда бар. […]

Далее..... Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири өтүүдө

Улуу Британияда иштөө үчүн Кыргызстанга дагы 1000 квота берилди

Тиешелүү макулдашууга бүгүн КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Улуу Британиянын Өкмөтү ыйгарым укук берген Etero операторунун ортосунда кол коюлду. Кол коюу онлайн форматында болуп өттү. Түзүлгөн Макулдашуунун алкагында 18-46 жаштагы Кыргыз Республикасынын жарандары Улуу Британиянын Айыл чарба тармагында 6 айга чейинки мөөнөткө ишке орношууга мүмкүнчүлүк […]

Далее..... Улуу Британияда иштөө үчүн Кыргызстанга дагы 1000 квота берилди

ЕАЭБдин эмгек рыногун өнүктүрүү үчүн Кыргызстан эмнелерди сунуштайт?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Москва шаарында “Көп уюлдуу дүйнөдөгү Евразиялык интеграция” урааны астында өтүп жаткан II Евразиялык экономикалык форумунун сессиясына катышты. “ЕАЭБ өзүнүн экономикалык потенциалын гана бириктирбестен, бирдиктүү эмгек рыногун курууда. Биздин өкмөттөрдүн алдында актуалдуу милдет турат – билим берүү аркылуу адам капиталын калыптандыруу ыкмаларын координациялоо. Эмгек мигрантынын статусун өзгөртүүгө, илимий-техникалык […]

Далее..... ЕАЭБдин эмгек рыногун өнүктүрүү үчүн Кыргызстан эмнелерди сунуштайт?
Пайдалуу
Ссылкалар