Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарууда
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун жетекчилиги алдында Бишкекте Министрликтин коллегиясынын отуруму башталды. Министр Р.А.Сабиров Министрликтин 2024-жылдагы иштеринин жыйынтыгы жана 2025-жылга карата милдеттери жөнүндө баяндама жасайт. Коллегиянын күн тартибине «Социалдык контракт» долбоорунун жыйынтыктары, оор кырдаалга кабылган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүнүн жүрүшү, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин иши, […]