Эмгек министрлиги мамлекеттик социалдык заказдын алкагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына көзөмөлдү күчөтөт
Кыргызстанда мамлекеттик социалдык заказды каржылоо акыркы жылдары кыйла өстү — 2009-жылдагы 4 млн сомдон 2025-жылы 115 млн сомго чейин жетти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясынын жыйынында министрдин орун басары А. Исатбек кызы билдирди. Анын айтымында, каржылоонун өсүшү кызмат алуучулардын санынын көбөйүшү, көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрүнүн кеңейиши жана мамлекеттик социалдык заказдын географиясынын […]




















