Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россиянын миграция мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын өткөрдү
2025-жылдын 30-январында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Инсан-Лейлек» Коомдук фонду менен биргеликте Бишкек шаарында маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын уюштурду. Иш-чаранын негизги темасы Россия Федерациясынын миграция мыйзамдарындагы күчүнө кирген өзгөртүүлөр, жарандардын чет өлкөдө жүрүү тартиби жана алардын сапарга чыгууга даярдыгы болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү, министрликтин аймактык (райондук) башкармалыктары, ошондой эле Бишкек шаары […]