1-сентябрдан тартып «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун берүү тартиби өзгөрөт

  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун берүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Өзгөртүүлөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жөлөкпул менен камтууну кеңейтүүгө, социалдык жардамдын максаттуулугун жогорулатууга жана аз камсыз болгон балдары бар үй-бүлөлөрдүн жөлөкпулга муктаж экендигин аныктоо механизмдерин өркүндөтүүгө […]

Далее..... 1-сентябрдан тартып «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун берүү тартиби өзгөрөт

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын жана Социалдык коргоо департаментинин кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы лекция-семинар өткөрүлдү

  2026-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу медициналык-социалдык эксперттик комиссияларынын (МСЭК) жана Социалдык коргоо департаментинин кызматкерлеринин катышуусунда Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте коррупциянын алдын алуу боюнча лекция-семинар өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, коррупциялык укук бузууларга жол бербөө, кызматкерлердин коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын […]

Далее..... Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын жана Социалдык коргоо департаментинин кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы лекция-семинар өткөрүлдү

Эмгек министрлиги Орусияда жашаган кыргызстандыктардын 30 баласын Ысык-Көлгө жайкы эс алууга жөнөттү

2026-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россия Федерациясында жашаган кыргызстандыктардын 30 баласын Чолпон-Ата шаарындагы «Меридиан» ден соолукту чыңдоо лагерине жайкы эс алууга жөнөттү. Балдарды эс алууга узатууга арналган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Камчыбек Досматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдында миграция маселелери жана адам […]

Далее..... Эмгек министрлиги Орусияда жашаган кыргызстандыктардын 30 баласын Ысык-Көлгө жайкы эс алууга жөнөттү

Чүй районунда 30 аз камсыз болгон тургун 600 гектар жерди сугаруучу каналды тазалашты

Чүй районунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) «Акы төлөнүүчү коомдук иштер» биргелешкен долбоорунун кезектеги этабынын жыйынтыгы чыгарылды. Долбоорго Өн-Бир-Жылга айыл өкмөтүнүн аймагындагы 30 аз камсыз болгон жана убактылуу жумушсуз тургун катышты. Алар социалдык жана ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштерге тартылышкан. Негизги багыттардын бири – Калыгул […]

Далее..... Чүй районунда 30 аз камсыз болгон тургун 600 гектар жерди сугаруучу каналды тазалашты

Эмгек министрлигинде гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде гендердик зомбулуктун алдын алуу, жабыр тарткан адамдарды коргоо, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапаты жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү маселелерине арналган гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктары талкууланды. Бул тууралуу 24-августта эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы изилдөөнүн жыйынтыктарын талкуулоо боюнча валидациялык жолугушууда […]

Далее..... Эмгек министрлигинде гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

Жаштар стажировкасы: ийгиликтүү ишке орношуу үчүн практикалык көндүмдөр

Бишкек шаарында стажировкаларды уюштуруу жана ишке ашыруу, ошондой эле кесиптик жана жумшак көндүмдөрдү (soft skills) өнүктүрүү маселелерине арналган үч күндүк тренинг жыйынтыкталды. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан «Кыргызстандагы Чебер: көндүмдөрдү өнүктүрүү» швейцариялык долбоорунун колдоосу менен уюштурулду. Тренингдин катышуучулары стажировкаларды уюштуруу, иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүү, стажёрлорду коштоо жана эмгек […]

Далее..... Жаштар стажировкасы: ийгиликтүү ишке орношуу үчүн практикалык көндүмдөр

Эмгек министрлиги: жарандардын ар бир кайрылуусу боюнча конкреттүү чечим кабыл алынууга тийиш

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясынын жыйынында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иштин жыйынтыктары, ошондой эле ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери каралды. Эмгек министринин орун басары Чынгыз Мамат уулу жарандардын кайрылууларын кароо жана аткаруучулук тартиптин абалы боюнча маалымат берди. Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, мыйзамдардын жана мамлекеттик кызматчылардын этика […]

Далее..... Эмгек министрлиги: жарандардын ар бир кайрылуусу боюнча конкреттүү чечим кабыл алынууга тийиш

Канат Сагынбаев эмгек укуктарын коргоону күчөтүп, Эмгек министрлигинин ишинин сапатын жогорулатууну тапшырды

Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Министрлер кабинетинин 2026-жылга карата иш-аракеттер планын аткарууга көзөмөлдү күчөтүүнү, ченемдик укуктук иштердин сапатын жогорулатууну жана жарандардын эмгек укуктарын коргоо боюнча көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнүн себептерин аныктоону тапшырды. Тиешелүү тапшырмаларды ал министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиясынын отурумунда берди. Министр өзүнүн орун басарларына, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине […]

Далее..... Канат Сагынбаев эмгек укуктарын коргоону күчөтүп, Эмгек министрлигинин ишинин сапатын жогорулатууну тапшырды

Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында дээрлик 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон жөлөкпул алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундары үчүн жаңы киргизилген ай сайынкы жөлөкпулду 29,6 миң бала алууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында айтылды. Аталган жөлөкпул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Ай сайын 3 миң сом өлчөмүндө берилүүчү жөлөкпул бийик тоолуу жана алыскы аймактарда, ошондой эле өзгөчө статуска ээ айрым чек арага […]

Далее..... Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында дээрлик 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон жөлөкпул алууда

Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 7%га кыскарды

  2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандын иш менен камсыз кылуу кызматтарында 60,5 миң жумушсуз жаран каттоодо турган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7%га аз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында министрдин биринчи орун басары К.С. Досматов билдирди. Расмий жумушсуз статусуна 37,8 миң адам ээ болгон. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине […]

Далее..... Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 7%га кыскарды
Пайдалуу
Ссылкалар