2919-жылдын 27-июнунда саат 16:00 дө Министрликте гранттык комиссиянын отуруму өтөт

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн гранттык комиссиянын кезектеги отуруму 2019-жылдын 27-июнунда саат 16.00дө Министрликте өткөрүлөөрүн маалымдайт. Жарыянын темасы: Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн гранттык комиссиянын отуруму Конкурска катышкан КЭУлардын тизмеси

Далее..... 2919-жылдын 27-июнунда саат 16:00 дө Министрликте гранттык комиссиянын отуруму өтөт

Бишкекте Баланын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30-жылдыгына арналган улуттук форум өттү

Бүгүн, 25 июнда, №1 Мамлекеттик резиденцияда Баланын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30-жылдыгына арналган улуттук форум өттү. Иш-чарага КРнын Президенти С.Ш. Жээнбеков, КРнын вице-премьер-министри А.С. Омурбекова, КЖнын Жогорку Кенешинин төрагасынын орун басары А.К. Касымалиева, Баланын укутары боюнча БУУнун Комитетинин төрагасынын орун басары Рената Винтер, КРнын экс-президенти Р.И. Отунбаева, Билим берүү жана илим министри Г.К. […]

Далее..... Бишкекте Баланын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30-жылдыгына арналган улуттук форум өттү

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун июнь айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 15 – июнунан 21 – июнуна чейин 3016 телефондон кайрылуу, же бир суткада  427 чалуу түшкөн. Анын ичинен 23 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (1 же 4,4  % жаш балдардан, ал эми 22 же 95,6 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 18 абонентке […]

Далее..... «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун июнь айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

“Эврика” жеке мектебтин базасында турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө маданий-массалык иш-чара өткөрүлдү

Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана балдар менен ата-эненин мамилелерин өнүктүрүү максатында маданий-массалык иш-чаранын алкагында турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарынын жана ата-энелердин катышуусунда «Шайыр старттар» спорттук оюндары өткөрүлдү. Мындан тышкары, «Апа, Ата жана мен ынтыкмактуу үй-бүлө!» темасында сүрөт конкурсу жана  таланттуу балдардын катышуусунда концерт уюштурулду. Иш-чаранын жыйынтыгында бардык […]

Далее..... “Эврика” жеке мектебтин базасында турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө маданий-массалык иш-чара өткөрүлдү

Ош шаардык ЭжСӨБгы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине семинар уюштурду

Үй-бүлөлүк баалулуктарды бекемдөө жана балдар менен ата-эненин мамилелеринин өнүктүрүүчү маданий-массалык, эс алуу жана спорттук иш-чаралар планын аткаруу алкагында Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан “Бүчүр” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилиатциялоо күндүзгү борборунун базасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарадын ата-энелери менен семинар уюштурулду. Семинардын жүрүшүндө социалдык жөлөкпулдар, мамлекеттик жөлөкпулдар, МСЭКтин ишмердүүлүгү, ден соолугунун […]

Далее..... Ош шаардык ЭжСӨБгы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине семинар уюштурду

Баткен облусунда “Социалдык кызматтар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды

2019-жылдын 18-июнунда Баткен шаарында райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана Баткен облусунун мэрияларынын кызматкерлеринин катышуусу менен “Социалдык кызматтар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды. Иш-чара “АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланды.

Далее..... Баткен облусунда “Социалдык кызматтар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды

Министр Улукбек Кочкоров Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту

Бүгүн, 20-июнда, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Украинанын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында Элчи Валерий Жовтенко калкты социалдык жактан коргоо тармагында эки өлкөнүн ортосунда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Ал үстүбүздөгү жылдын аягында өкмөттөр аралык комиссия жыйынын Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштайт. Министр Улукбек Кочкоров өз […]

Далее..... Министр Улукбек Кочкоров Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту

Баткен облусунда “Социалдык кызматтар жөнүндө” Мыйзам долбоору талкууланды

2019-жылдын 18-июнунда Баткен шаарында райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана Баткен облусунун мэрияларынын кызматкерлеринин катышуусу менен “Социалдык кызматтар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды. Иш-чара “АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланды.

Далее..... Баткен облусунда “Социалдык кызматтар жөнүндө” Мыйзам долбоору талкууланды

“Кыргызстандагы жалгыз бой улгайган адамдарга социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүүнүн” экинчи программасынын жыйынтыктары жана жетишкендиктерин талкуланды

“Кыргызстандагы жалгыз бой улгайган адамдарга социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүүнүн” экинчи программасынын жыйынтыктары жана жетишкендиктерин талкулоо, ошондой эле, улгайган адамдардын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн өнөктөштөрдүн мындан аркы иш-чараларын координациялоо боюнча акыркы жыйын (жолугушуу) Бишкекте өттү. Аталган иш-чаранын катышуучулары Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин демилегеси менен өлкөдө улгайган адамдардын абалы туураалу изилдөөнүн жыйынтыктарын талкуулады. Эмгек жана социалдык […]

Далее..... “Кыргызстандагы жалгыз бой улгайган адамдарга социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүүнүн” экинчи программасынын жыйынтыктары жана жетишкендиктерин талкуланды

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров “Тумар” бийчилер тобуна ыраазычылык кат тапшырды  

2019-жылдын, 17-июнунда, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров “Тумар” бийчилер тобуна ыраазычылык кат тапшырды. “Силер талыкпас эмгегиңер менен зор ийгиликтерге жетиштиңер. Башка адамдарга мисал болуп, дем берип турасыңар. Талатыңар эч канчан өчпөй, дагы көптөгөн конкурстарды жеңгиле. Ар бир кадамыңар чоң жетишкендиктерди алып келсин”, – деди министр Улукбек Кочкоров. “Тумар” бийчилер тобу алгач 2011-жылы […]

Далее..... Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров “Тумар” бийчилер тобуна ыраазычылык кат тапшырды  
Пайдалуу
Ссылкалар