Майыптык тобу саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык башкармалыктарынын көрсөтмөлөрү боюнча дайындалат
Абдикаримов Курбанбек 1998-жылы туулган. К.Абдикаримов менен 2023-жылдын 22-сентябрында Ош шаарындагы Медициналык-социалдык экспертиза боюнча эксперттик кеңеште түшүндүрмө берилди. Жаранды экспертизалоого саламаттык сактоо уюму тарабынан керектүү диагностикалык, функционалдык медициналык текшерүү өткөрүлөт жана 088У формасы толтурулат. Андан кийин майыптыгын аныктоо үчүн МСЭКке жөнөтүлөт . МСЭК тарабынан майыптык тобу аныкталат. 2023-жылдын 16-октябрына карата бейтапканадан аймактык МСЭКке жолдомо түшкөн эмес. […]














