Министр Г.Баатырова Шопоков шаарындагы балдар үйүнө барды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Шопоков шаарындагы үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнүн ишин текшерди. Балдар үйүндө 4 жаштан 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген 8 бала тарбияланат. Бул жерде балдар өздөрүнө керектүү нерселердин баарын алышат жана өздөрүн үй-бүлөдөгүдөй сезишет. «Мындай типтеги мекемелер камсыз кылган негизги нерсе – үй-бүлөнүн ыңгайлуулугу. Албетте, биздин стационардык мекемелерде кызматкерлер […]














