Эмгек министрлиги кандай улгайган жарандар интернатта жашоого укуктуу экенин айтып берди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жалгыз бой улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, өзүн-өзү кароого жөндөмсүз жана сырттан кароого муктаж адамдар социалдык стационардык мекемелерде жашоого укуктуу. Ошондой эле жакын туугандарынын кароосуз калган улгайган курагына, оорусуна жана үй-бүлөлүү I-II тобунун майыптыгына байланыштуу өзүн-өзү багууга жөндөмсүз жубайлар интернаттарда жашай алышат. Интернатка жайгаштыруунун негизги критерийлеринин […]














