Үстүбүздөгү жылы жумушчулардын кесиптеринин, кызматкерлердин кызмат орундарынын жана тарифтик разряддардын жалпы республикалык классификаторуна 385 кесип киргизилет

  Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев “Компетенцияларды сертификациялоо жана валидациялоо: эмгек рыногунун мейкиндиктери” форумунда билдирди. “Азыркы учурда заманбап эмгек рыногунун талаптарына багытталган 52 кесиптик стандарт бекитилген. Ошол эле учурда Министрлик тарабынан жумушчулардын кесиптеринин, кызматкерлердин кызмат орундарынын жана тарифтик разряддардын жалпы республикалык классификаторуна дагы 385 кесипти киргизүү боюнча […]

Далее..... Үстүбүздөгү жылы жумушчулардын кесиптеринин, кызматкерлердин кызмат орундарынын жана тарифтик разряддардын жалпы республикалык классификаторуна 385 кесип киргизилет

Эмгек министрлиги Москвадагы эмгек мигранттарына санариптик милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин кантип акысыз алууга болорун айтып берди

  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 15-февралдан тарта Москва шаарында иштеген кыргызстандыктар милдеттүү медициналык камсыздандыруунун санариптик полисин ала аларын маалымдоодо. Ал үчүн Министрликтин Москва шаарындагы Өкүлчүлүгүнө  Малая Полянка көч., үй №7 б.№5 дареги боюнча баруу керек. Каттоо ар бейшемби күнү саат 11.00 дөн 17.00 гө чейин жүргүзүлөт. Алуу акысыз. Төмөнкү документтердин түп нускаларын гана […]

Далее..... Эмгек министрлиги Москвадагы эмгек мигранттарына санариптик милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин кантип акысыз алууга болорун айтып берди

Эмгек министрлигинин маалымат күркөлөрүнөн мигранттар кандай маалымат ала алышат

  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматтык күркөлөрү эмгек мигранттары чыгып жаткан 9 жерде иштейт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Орнотулган күркөлөр: * Бишкек шаарынын аэропортунда – 2; * Ош аэропортунда – 2; * Баткен аэропортунда -1; * Жалал-Абад аэропортунда – 1; * Бишкек шаарынын темир жол бекетинде -1; * Эмгек министрлигинин […]

Далее..... Эмгек министрлигинин маалымат күркөлөрүнөн мигранттар кандай маалымат ала алышат

Эмгек министрлиги толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү

  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Электрондук документ жүгүртүүгө өтүү бардык процесстер жана милдеттер  электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы (ЭДМС) аркылуу  ишке ашырылышын билдирет. Бул система мамлекеттик органдарда, жергиликтүү администрацияларда, мамлекеттик ишканаларда жана мекемелерде документтерди алмашууну автоматташтыруу, бардык документтерди электрондук форматка […]

Далее..... Эмгек министрлиги толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү

Эмгек министрлиги: 21 кызмат электрондук форматта жеткиликтүү

  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашкандай, азыркы учурда министрликке тиешелүү 21 кызмат  КР электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн (portal.tunduk.kg) мамлекеттик порталында жеткиликтүү. Аталган чара калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган. Ошондой эле “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында күбөлөндүрүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын аныктоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) […]

Далее..... Эмгек министрлиги: 21 кызмат электрондук форматта жеткиликтүү

Эмгек министрлиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалымкаттардын санын кыскартты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды алуу процедураларын жеңилдетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу билдирди. Алсак, “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму (ВЭӨТ) аркылуу ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү киргизүүнүн аркасында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл болгон маалымкаттардын жана документтердин саны 29га чейин кыскарды. […]

Далее..... Эмгек министрлиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалымкаттардын санын кыскартты

Эмгек министрлиги: Ишке орноштуруу кызматы электрондук форматка өткөрүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги калкты иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган санариптик экосистеманы түздү. Негизги жетишкендиктердин бири болуп Эмгек рыногунун маалыматтык системасын – жумуш издеп жаткан жарандар, бош орундар, иш берүүчүлөр жана учурдагы кесиптик окуу курстары жөнүндө маалыматтарды камтыган республикалык маалымат базасын ишке киргизүү болду. Система […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Ишке орноштуруу кызматы электрондук форматка өткөрүлдү

Эмгек министрлиги: Аксы окуяларында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Министрлер Кабинетинин токтому менен 2024-жылдын 5-февралынан тартып Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-март окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү. Жөлөкпулдун өлчөмү  3700 сомдон 4500 сомго жогорулады. Кошумча жөлөкпулдун бул түрүн алуучуларга, 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып кайра эсептөө жана төлөө жүргүзүлөт.

Далее..... Эмгек министрлиги: Аксы окуяларында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү

Эмгек министрлиги: 99 адам чек арадагы жаңжалдардан жабыркагандар үчүн төлөм алат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылдын октябрь айынан бери 2021-22 жж Баткен жана Ош облустарында болгон окуялардын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркагандарга каралган ай сайын төлөнүүчү кошумча социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү 3700 сомдон 5500 сомго чейин көтөрүлгөн. 2024-жылдын 1-февралына карата бул төлөмдөрдү 99 адам алат.

Далее..... Эмгек министрлиги: 99 адам чек арадагы жаңжалдардан жабыркагандар үчүн төлөм алат

2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 миңден ашкан

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева ““Гендердик зомбулуктан жапа чеккендерге натыйжалуу жардам көрсөтүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо” Улуттук форумунда айтты. “КР Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 104 адамды түзүп, 32% га көбүрөөк. Алардын ичинен жабыркагандардын 95% аялдар. Жабыркагандардын санынын көбөйүшү кооптондурат, […]

Далее..... 2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 миңден ашкан
Пайдалуу
Ссылкалар