Кыргызстандын 5 миң жараны Швеция, Франция жана Литва Республикасындагы ишканаларда иштөөгө мүмкүнчүлүк алды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борбору Европа союзунун өлкөлөрүндө жарандарды ишке орноштуруу боюнча «Евро-Виз» ЖАК (Литва) менен макулдашууга кол койду. Макулдашуунун максаты Швециянын, Франциянын жана Литва Республикасынын ишканаларында жумуш издеген жарандарга сапаттуу жана ишенимдүү иш менен камсыз кылуу болуп саналат. Бүгүнкү күндө курулуш адистиктерине, оор жүк […]

Далее..... Кыргызстандын 5 миң жараны Швеция, Франция жана Литва Республикасындагы ишканаларда иштөөгө мүмкүнчүлүк алды

Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады “Бүгүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат – бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу тутумунун маанилүү элементи, анын натыйжалуу ишинен Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү көз каранды. Силердин алдыңарда көп милдеттер турат. Мекенибиздин жарандарына кызмат көрсөтүүнүн сапатын арттырып, аппараттын түзүмүн […]

Далее..... Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Эмгек министри Нарын облусунун Байзак айылында инклюзивдик эс алуу борборун ачты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылынын тургундары үчүн инклюзивдик борборунун ачылышына катышты. Мекеме Байзак айылдык кеңешинин төрагасы Мээрим Молдалиеванын демилгеси менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен ачылган. Инклюзивдик борбордо айыл тургундары көңүл ачууга, таланттарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле борбор үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу […]

Далее..... Эмгек министри Нарын облусунун Байзак айылында инклюзивдик эс алуу борборун ачты

Кыргызстандыктар Эмгек министрлиги аркылуу Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат

Тиешелүү келишимге бүгүн, 22-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Кувейттик Al Huqооq International Company”компаниясы кол коюшту. «Чет өлкөдө коопсуз эмгек шарттарын уюштуруу КР Президенти С.Н.Жапаровдун тиешелүү жарлыгынын алкагында министрликке жүктөлгөн милдет. Ал эми бүгүнкү күндө департамент Түштүк Кореяда, Улуу Британияда, Перс булуңунун өлкөлөрүндө жана ЕАЭБде мыйзамдуу, […]

Далее..... Кыргызстандыктар Эмгек министрлиги аркылуу Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат

Эмгек министри качкындардын урматына арналган көргөзмөнүн ачылышына катышты

22-июнь Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүнө карата БУУнун Качкындар боюнча агенттиги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Үйдөн алыс үмүт” аттуу сүрөт көргөзмөсүн ачты. Иш-чара 20-июнда бүткүл дүйнөдө белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүнө карата уюштурулууда. Бүткүл дүйнөлүк Качкындар күнү-бул дүйнө жүзүндөгү качкындарга таазим кылуу үчүн БУУ тарабынан белгиленген эл аралык күн. Ардактуу конок катары КР […]

Далее..... Эмгек министри качкындардын урматына арналган көргөзмөнүн ачылышына катышты

Эмгек министри мектеп-интернаттардын окуучуларынын жайкы эс алуу шарттары менен таанышты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Жалын” ден соолукту чыңдоо лагеринде балдардын эс алуусун уюштуруунун сапатын текшерди. Жайкы эс алуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары, жетим балдар, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар үчүн уюштурулду. Кудайберген Базарбаев жашоо шарты менен таанышып, балдар менен баарлашып, гуманитардык жардам тапшырды.

Далее..... Эмгек министри мектеп-интернаттардын окуучуларынын жайкы эс алуу шарттары менен таанышты

2023-жылга чоңдор жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 9 миллиард сомдон ашык каражат каралган

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жыл сайын өтүүчү жөө жүрүшүн ачып жатып билдирди. «Бүгүнкү күндө өлкөдө 200 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт, анын 36 миңи балдар. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров элдин турмушун жакшыртууга, тейлөөнүн сапатына көңүл бурууда. 2021-2022-жылдары жөлөкпулдун өлчөмү, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү […]

Далее..... 2023-жылга чоңдор жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 9 миллиард сомдон ашык каражат каралган

Эмгек министрлиги жайкы лагерге майыптыгы бар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 240 баланы жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 240 балага ылайыкталган «Жалын» жайкы лагеринде эс алуу уюштурулду. Министр К. Базарбаев балдарга жакшы эс алууну каалап, жылуу сөздөрүн айтып, балдарды лагерге узатты. Ысык-Көлдө майыптыгы бар балдар, багып алган үй-бүлөдө жашаган, тоголок жетимдер жана камкордукка , көзөмөлдүккө алынган балдар, ошондой эле интернаттардын […]

Далее..... Эмгек министрлиги жайкы лагерге майыптыгы бар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 240 баланы жөнөттү

Биздин милдет – балдардын кыялдарын орундатуу, – Эмгек министри Кудайберген Базарбаев

Бүгүн, 13-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Чүйдөгү жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына барды. Мектеп-интернатта Кыргызстан боюнча 189 бала жана өспүрүмдөр жашайт. Президент С.Н.Жапаровдун атынан министр тарбиялануучуларга кийим-кече жана Ысык-Көлгө жолдомо тапшырды. Кудайберген Базарбаев мугалимдерге жана тарбиячыларга балдарга ыңгайлуу шарт түзүп берген эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. «Балдар кыялданышы керек, […]

Далее..... Биздин милдет – балдардын кыялдарын орундатуу, – Эмгек министри Кудайберген Базарбаев

Эмгек министри мектеп окуучуларына кесиптик багыт берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Балдарды коргоо борборунун” балдарына кесиптик окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу Катчылыгынын демилгеси менен уюштурулган жолугушуу 12-июнда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн күнүнүн алкагында өттү. Министрдин айтымында, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында мекеменин негизги милдети катары үй-бүлөнү […]

Далее..... Эмгек министри мектеп окуучуларына кесиптик багыт берди
Пайдалуу
Ссылкалар