Жумушсуз же жумуш издөөчү катары катталуу үчүн кайда кайрылуу керек?

Жумушсуз же жумуш издөөчү катары катталуу үчүн кайда кайрылуу керек? Жашаган жери боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык органдарына. Кандай документтер талап кылынат? 1) паспорт; 2) эмгек китепчеси же анын дубликаты; 3) анын кесиптик квалификациясын ырастоочу документтер. Биринчи жолу жумуш издеп жаткан (мурда иштебеген), кесиби (адистиги) жок жарандарды каттоо паспортту жана билими жөнүндө документти […]

Далее..... Жумушсуз же жумуш издөөчү катары катталуу үчүн кайда кайрылуу керек?

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын декабрь айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын декабрь айында  9154  телефондон кайрылуу (же бир суткада 295 чалуу) түшкөн. Анын ичинен 245 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 78 же 31,8% жаш балдардан, ал эми 167 же 68,2% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 186 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар […]

Далее..... «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын декабрь айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын декабрь айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 22 – декабрынан 2021 – жылдын 1- январына чейин  2768  телефондон кайрылуу (же бир суткада 276 чалуу) түшкөн. Анын ичинен 80 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 27 же 33,7% жаш балдардан, ал эми 53 же 66,3% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен […]

Далее..... «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын декабрь айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

Балдардын укугу бузулган фактыларга ыкчам чара көрүү, кризистик кырдаалдарга бөгөт коюу үчүн Балдардын ишеним телефону иштейт

Балдардын укугу бузулган фактыларга ыкчам чара көрүү, кризистик кырдаалдарга бөгөт коюу чараларын кабыл алуу үчүн Министрликке караштуу 111 кыска номери менен “Балдардын ишеним телефону” борбору – мамлекеттик мекемеси иштейт. Борбор күнү-түнү иштей тургандыгын Министрлик белгилейт. Борбордун психологдору абоненттерге, анын ичинде балдарга карата зомбулук жана ырайымсыз мамиле жасалган учурларда консультациялык-психологиялык жардам көрсөтөт. “111” номерине келип түшкөн […]

Далее..... Балдардын укугу бузулган фактыларга ыкчам чара көрүү, кризистик кырдаалдарга бөгөт коюу үчүн Балдардын ишеним телефону иштейт

«Кыргыз Республикасындагы санариптештирүүнүн негизги багыттары: келечеги жана чакырыктар» конференциясы өттү

28-декабрда, «Кыргыз Республикасындагы  санариптештирүүнүн негизги багыттары: келечеги жана чакырыктар» конференциясында Эмгек жана социалдык ѳнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова “Санариптик технологиялар аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүнү” презентациялады. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жылды региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Министрлик санариптик трансформациялоо жана мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүү […]

Далее..... «Кыргыз Республикасындагы санариптештирүүнүн негизги багыттары: келечеги жана чакырыктар» конференциясы өттү

ЭСӨМдө “Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын ченемдери жана майыптык темасында терминологияны туура колдонуу” боюнча тренинг өттү

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери үчүн “Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын ченемдери жана майыптык темасында терминологияны туура колдонуу” боюнча тренинг өткөрүлдү. Тренингде төмөнкү маселелер камтылды: Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын ченемдеринин маанилүүлүгүн түшүнүүнү калыптандыруу; майыптыкты жана негизги каталарды түшүнүүнүн ар кандай моделдерин көрсөтүү аркылуу актуалдаштыруу; майыптык тууралуу терминологияны БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө […]

Далее..... ЭСӨМдө “Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясынын ченемдери жана майыптык темасында терминологияны туура колдонуу” боюнча тренинг өттү

Министр Ализа Солтонбекова Алина Касеновага Ыраазычылык кат тапшырды

«Ак-Жүрөк» кризистик борборуна 1000 АКШ долларынын сертификатын тапшыруу аземинде КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова гендердик зомбулукка каршы 16 күндүккө арналган “Зомбулукка жол жок!” акциясын уюштуруучуларына жана бардык катышуучуларына чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди. Ал акцияны Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун колдоосу менен уюштурган Алина Касеновага ыраазычылык катын тапшырды.

Далее..... Министр Ализа Солтонбекова Алина Касеновага Ыраазычылык кат тапшырды

«Ак-Журок» кризистик борборуна 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү сертификат жана күнүмдүк кийимдер тапшырылды

24 декабрь 2020-жыл, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы, B2B Globe демилгеси менен биргеликте гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүккө арналган “Зомбулукка Жол Жок!” Кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында чогултулган каражаттарды жана кийим-кечелерди тапшырды. Ош шаарында жайгашкан «Ак-Журок» кризистик борборуна 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү сертификат жана күнүмдүк кийимдер тапшырылды. «Биз ушул оор мезгилде четте турбай, кризистик борборлорду колдоого […]

Далее..... «Ак-Журок» кризистик борборуна 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү сертификат жана күнүмдүк кийимдер тапшырылды

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын декабрь айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 15 – 22 – декабрына чейин 1985  телефондон кайрылуу (же бир суткада 283 чалуу) түшкөн. Анын ичинен 50 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 15 же 30,0 % жаш балдардан, ал эми 35 же 70,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 36 абонентке […]

Далее..... «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын декабрь айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин биринчи отуруму 2020-жылдын 1-декабрында өттү

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы №175-б буйругу менен түзүлгѳн Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин биринчи отуруму 2020-жылдын 1-декабрында Бишкек шаарында болуп ѳттү. Күн тартибинде тѳмѳнкү маселелер каралды: Төраганын орун басарын жарандык коомдон шайлоо. Мамлекеттик-жеке ѳнѳктѳштүктүн алкагында БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ишке ашыруу жөнүндө – “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын күндүз болуу борборлорун уюштуруу” […]

Далее..... Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин биринчи отуруму 2020-жылдын 1-декабрында өттү
Пайдалуу
Ссылкалар