Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1,2 миң тоннадан ашык ун 2024-ж таратылат
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1215 тонна ун жана 112,9 тонна өсүмдүк майы таратылат. Бул долбоор БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Министрлик тарабынан ишке ашырылууда. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө инфраструктура, окутуу жана киреше алып келүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн витаминдер менен байытылган ун жана өсүмдүк майы берилет. […]




















