Эки жүздөн ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар Ала-Тоо кинотеатрында “Король слон” аттуу мультфильмин бекер көрө алышты
5-декабрда, эки жүздөн ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар Ала-Тоо кинотеатрында “Король слон” аттуу мультфильмин бекер көрө алышты. Иш-чара 15-ноябрдан 15-декабрга чейин – “Биз биргебиз!” деген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү бир айлыгы алкагында КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрликтери тарабынан уюштурулду.