2020-жылы дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө токтомго кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылы дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында «2020-жылы дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Токтомго ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 24-февралдагы дем алыш күндү (23-февраль дем […]




















