“Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин аялдарды колдоо боюнча” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Тегерек стол болуп өттү
2024-жылдын 11-12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасындагы “БУУнун Аялдары” агентствосунун колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин ушул жылдын 7-мартындагы Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин аялдарды колдоо боюнча” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Тегерек стол өткөрдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин […]