Эмгек министрлиги ардагерлерге жана согуштун катышуучуларына жогорулатылган компенсацияларды төлөй баштады
Ведомствонун маалыматы боюнча, Министрлер Кабинети 2025-жылдын 29-майында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Афганистандагы согуштук аракеттерге катышкандар, ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан жарандар үчүн компенсациялардын өлчөмүн көбөйтүүнү караган токтомду бекитти. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү 2025-жылдын 1-январынан баштап төлөмдөрдү кайра эсептеп чыгышты. Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында кызмат көрсөтүүлөрдү эске алуу менен […]













