Жыл башынан бери бош жумуш орундардын жарманкелерине 23 миңден ашык адам катышты

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова ЖИА бизнес-ассоциациясынын Төрагасы Жоодар Омошов менен болгон жолугушууда билдирди. Жыйынга ошондой эле бирикменин өкүлдөрү – директору Жээнбай уулу Аззамбек жана юридикалык бөлүмдүн башчысы Бакыт Сартмаметов катышты. «Быйыл өлкө боюнча ишке орноштуруу кызматтары тарабынан жумушсуз жарандар, биринчи кезекте жаштар үчүн 100 бош жумуш орун жарманкеси уюштурулду. […]

Далее..... Жыл башынан бери бош жумуш орундардын жарманкелерине 23 миңден ашык адам катышты

Борбордук Азияда эмгек мигранттарынын укуктарын бекемдөө, чыңдоо

2023-жылдын 26-октябрында Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жагында зарыл чараларды көрүү маселелерин талкуулоо, ошондой эле Кыргызстандагы Тилектештик борбору ишке ашырган «Борбордук Азияда эмгек мигранттарынын укуктарын бекемдөө, чыңдоо» Регионалдык долбоорунун ишке киришине байланыштуу тегерек стол болуп өттү. Борбордук Азиядан келген эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүү максатында кызматташууга көмөктөшүү жана региондук өнүктүрүү үчүн […]

Далее..... Борбордук Азияда эмгек мигранттарынын укуктарын бекемдөө, чыңдоо

Жакын адамыңыз РФнын аймагында кайтыш болсо эмне кылуу керек?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россия Федерациясынын аймагында адам каза болуп калса, кандай чаралар көрүлүшү керектигин билдирет. Жакын адамыңыз РФнын аймагында кайтыш болсо эмне кылуу керек? ЭГЕРДЕ АДАМ ҮЙҮНДӨ КАЗА БОЛСО 1-КАДАМ. Маркумдун сөөгүн карап чыгып протокол түзүү үчүн 02 же 102 телефондору боюнча полиция кызматкерин жана өлүмдү тастыктоо үчүн 03 же 103 телефондору […]

Далее..... Жакын адамыңыз РФнын аймагында кайтыш болсо эмне кылуу керек?

Сириядан Кыргызстанга 21 аял жана 62 бала кайтарылды

22-октябрда Сириядан Кыргызстанга атайын учак менен Кыргызстандын жараны болгон 21 аял жана 62 бала жеткирилген. Алар Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча «Айкөл-3» атайын операциясынын алкагында алынып келинген. Миссиянын алкагында кыргыз делегациясы Сириянын түндүк-чыгышындагы калктын муктаждыктары үчүн дары-дармек менен гуманитардык жардам көрсөттү. Кыргыз тарап АКШ өкмөтүнө, БУУнун Балдар фондуна (ЮНИСЕФке) жана […]

Далее..... Сириядан Кыргызстанга 21 аял жана 62 бала кайтарылды

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар протездик-ортопедиялык буюмдардын 150дөн ашык түрү менен камсыздалат

Бул тууралуу Эмгек, социалдык касыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. «Бул мекеме протездик-ортопедиялык цех катары башталып, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда иштеп баштаган. Бүгүнкү күндө протездик-ортопедиялык буюмдардын 150дөн ашык түрүн, анын ичинде балдар үчүн киберпротездердин түрү чыгат. Мекемеде 13 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам […]

Далее..... Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар протездик-ортопедиялык буюмдардын 150дөн ашык түрү менен камсыздалат

Сузактагы улгайган жарандар жана ДМЧА үчүн жалпы типтеги социалдык станционардык мекемеге Япония элчилигинен 2024-жылы медициналык жабдуулар берилет

2023-жылдын 18-октябрында Япония Өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адамдын коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында Кыргыз Республикасындагы Япония элчилиги менен улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жалпы типтеги Сузак социалдык станционардык мекемесинин ортосунда гранттык келишимдерге кол коюу аземи болуп өттү. Гранттык келишимге Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Года Хидеки мырза менен Сузак ССМдин […]

Далее..... Сузактагы улгайган жарандар жана ДМЧА үчүн жалпы типтеги социалдык станционардык мекемеге Япония элчилигинен 2024-жылы медициналык жабдуулар берилет

Зордук-зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар «Бирдиктүү терезе» аркылуу кызмат ала алышат

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Дүйнөлүк банктын гендердик тобунун глобалдык директору Хана Брикси менен жолугушууда билдирди. Жолугушуу 2024-2030-жылдарга карата гендердик стратегия боюнча консультациялардын алкагында өттү. Министрдин айтымында, учурда сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүү борборун ачуу боюнча иштер жүрүп жатат, ал «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча […]

Далее..... Зордук-зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар «Бирдиктүү терезе» аркылуу кызмат ала алышат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын октябрь айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2023 – жылдын 8 – 15 октябрына чейин 1966 телефондон кайрылуу (бир суткада 280 чалуу) түшкөн. Анын ичинен 50 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 20 же 40,0%  жаш балдар, ал эми 30 же 60,0 % чоң кишилер), 39 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, […]

Далее..... «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2023 – жылдын октябрь айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

Эдил Байсалов социалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 17-октябрь, 2023-жыл, К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында. Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев, К.Карасаев атындагы БМУ ректору Абдылда […]

Далее..... Эдил Байсалов социалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Майыптык тобу саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык башкармалыктарынын көрсөтмөлөрү боюнча дайындалат

Абдикаримов Курбанбек 1998-жылы туулган. К.Абдикаримов менен 2023-жылдын 22-сентябрында Ош шаарындагы Медициналык-социалдык экспертиза боюнча эксперттик кеңеште түшүндүрмө берилди. Жаранды экспертизалоого саламаттык сактоо уюму тарабынан керектүү диагностикалык, функционалдык медициналык текшерүү өткөрүлөт жана 088У формасы толтурулат. Андан кийин майыптыгын аныктоо үчүн МСЭКке жөнөтүлөт . МСЭК тарабынан майыптык тобу аныкталат. 2023-жылдын 16-октябрына карата бейтапканадан аймактык МСЭКке жолдомо түшкөн эмес. […]

Далее..... Майыптык тобу саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык башкармалыктарынын көрсөтмөлөрү боюнча дайындалат
Пайдалуу
Ссылкалар