Эмгек министрлиги Япониянын алдыңкы компаниялары менен биргелешкен санариптик долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Японияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Transaction Media Networks Inc. компаниясынын башкы директору Алекс Атсуши Отака менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда миграция жана эмгек мобилдүүлүгүн башкаруу системасына санариптик чечимдерди киргизүү жана бул жааттагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Министр Р.А. Сабиров компаниянын булут технологиялары, электрондук төлөм системалары […]













