Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди бүгүнкү Эмгек майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

 1-май дайыма эмгекчил адамдардын майрамы катары белгиленип келет. “Эмгек эрезеге жеткирет”- демекчи, эзелтен элибизде мээнеттенген адамдар бакубат жашоого жетээри, ак эмгегинин үзүрүн көрөөрү  жөнүндө айтылат.

Эмгек – бул жашоонун негизи. Жигердүү, чыгармачыл, көңүлдүү эмгек, жашоону чыныгы маңызы менен толтурат. Эмгекти сүйгөн жана эмгектене алган адам гана чыныгы бактылуу боло алат. Күчүбүздү, билимибизди жана жөндөмүбүздү эмгекке жумшап, бардыгыбыз чогуу күжүрмөн эмгегибиз менен өз алдынча өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн жана күч-кубаты үчүн салымыбызды кошобуз.

Бул жазгы майрам эмгекти сүйгөн бардык адамдардын өзгөчө тилектеш сезими менен белгиленет. Биздин жалпы татыктуу эмгектенүү аракеттерибиз, балдарыбыз, неберелерибиз жана жакын адамдарыбыз тынчтыкта, ынтымак-ырашкерликте жашоону камсыз кылуу, үй-бүлөлөрүбүздүн бакубат жашоосу үчүн ишенимдүү пайдубалы болуп берет, ал эми жалпы жетишкендиктерибиз жашообузду жакшыртат жана эртеңки күнгө ишенич жаратат.

Бүгүнкү эмгегибиз менен келечегибизди курабыз. Балдарыбыздын бактылуу жана бакубат жашоосу биздин күч-кубатыбызга жана иш-билгилигибизге байланыштуу. Эң башкысы – өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн аракетибизди бириктирип чогуу эмгектенүү. Эмгектенүү менен жаратмандыкты, ийгиликтерди жараталы, ар бир үй-бүлөдө ынтымак-ырыскы, бактылуулук байыр алсын. Мекенибизде тынчтык, жергебизде өнүгүү, элибизде бакубат турмуш болсун!

Ишиңиздер сиздерге дайыма кубаныч алып келсин жана үй-бүлөңүздөрдүн татыктуу жашоосун камсыз кылсын деп чын дилимден каалайм.

Урматтоо менен министр Гулнара Баатырова

Денежные средства поступившие от спонсоров

Денежные компенсации
Уй булого комок
Ежемесячное социальное пособия
Оба родителя которых неизвестны
Пайдалуу
Ссылкалар