Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Түркияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу 4 компаниянын ишин токтотту
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 12-январда Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууну жүзөгө ашыруу укугуна уруксат берүү тартиби жөнүндө Жобонун талаптары бузулган фактыларды аныктады. Борбордун маалыматына ылайык, мониторингдин жүрүшүндө айрым жөнөтүүчүлөр тарабынан Түркия Республикасынын аймагында ишке орноштуруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жалдоо учурунда ишенимсиз маалыматтар берилгени […]














