Эмгек министрлиги: 2025-жылдын 1-декабрына карата расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4%ды түздү
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын калкынын саны 2025-жылдын 1-октябрына карата 7,374 млн адамды түздү. Өлкөнүн эмгек ресурстары 2,861 млн адамды түзүп, алардын ичинен 2,756 млн адам жумуш менен камсыз болгон, ал эми 104,7 миң адам жумушсуз. Жалпы жумушсуздуктун деңгээли 3,7%га жетти. 2025-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча расмий катталган жумушсуздуктун деңгээли 1,4%ды түздү. […]














